Бүгүн Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепканада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин утурлай иш чара уюштурулду.Тактап айтканда, жазуучунун чыгармаларынан даярдалган кызыктуу тест форматында суроолор даярдалып, ага райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери катышты.


Маалыматка караганда бул иш-чара —адамдардын руханий дүйнөнү байытуу жана китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулду.
Ошондой эле, Акбар Рыскуловдун «Атакенин Акболот» жана Какен Алмазбековдун «Мурас» чыгармалары талкууланып, баяндамалар сунушталды.
Соңунда иш чаранын жигердүү катышуучуларына ыраазычылык билдирилди.
Эскерте кетсек, алдыда дагы иш чаралар, жолугушуулар Баетов айыл аймагындагы баардык мекмелерде өткөрүлөрү белгилүү болду.
Даярдаган: Мээрим Тентиева