Бүгүн Ак-Талаа райондук пробация органынын каттоосунда турган кардарларды социалдык жактан колдоо, жүрүм-турумун түзөө, коомго аралаштыруу максатында «Жардам» иш чарасы уюштурулду. Анда акимдин орун басары К. Эсеналиев кардарларды мыйзам ченемдерин сактоого чакырып, суроо-талаптары боюнча тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери тарабынан жооптор берилерин белгиледи.
Ал эми райондун баш имам-хатиби катышуучуларга үй-бүлөлүк баалуулуктар боюнча терең маанилүү кеп-кеңештерин айтты. Иш чаранын жүрүшүндө тиешелүү мекеме, кызматтардын жетекчилери жана өкүлдөрүнөн жумуш менен камсыз кылуу, кесиптик билим алуу, укуктук кеңештер жана документтештирүү боюнча кардарлар өздөрүнүн суроолоруна жооп ала алышты.
Мындан сырткары, кардарларга медициналык жардам көрсөтүлүп, М.Барашов атындагы №40 кесиптик лицейдеги окуу шарттары жана Баетов айыл аймагындагы коомдук жумуштарга тартылуу мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.
https://youtube.com/shorts/KhnoHcKohiA?si=mdkAkupGAJ4YMVVu
Мээрим Тентиева