Токтогул районундагы Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинде 180 түп алма көчөтү 22 жер тилкесине отургузулду. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана КР агартуу министрлигинин биргелешкен долбоорунун алкагында мектептин алдындагы чарбаны өнүктүрүү иши колго алынды.


Долбоордун негизги максаты — мектеп окуучуларын экологиялык жактан таза, пайдалуу азыктар менен камсыздоо жана мектептин өзүн-өзү азык-түлүк менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн арттыруу.
Мектептин 22 сотых жер аянтына 180 түп алма көчөтү отургузулду. Бул келечекте окуучулардын дасторконун таттуу жана витаминдүү жемиштер менен байытууга өбөлгө түзөт. Көчөттөрдөн сырткары, мектеп ичинде атайын бөлмөлөрдө жашылчаларды өстүрүү колго алынды. Бул үчүн долбоор тарабынан зарыл болгон бардык жабдыктар берилери айтылды.


Долбоордун алкагында мектепке укроп, петрушка, көк пияз, руккола, кинза сыяктуу витаминдүү чөптөрдүн жана салат жалбырактарынын уруктары берилди. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, мектепте микрозелень (микрожашылча) өстүрүү үчүн атайын идиштер жана аларды жайгаштыруу үчүн стеллаждар орнотулат. Бул демилгенин башкы максаты — окуучулардын тамактануусун жакшыртуу жана диетасын витаминдер менен байытуу болуп саналат.

«Февраль айында байкоо жүргузүү үчүн петрушка, кинза, көк пияз, укроп жана салат жалбырагын тиккенбиз. Жыйынтыгы жакшы болду укроп, пияз жана петрушкаларды ашканага тамак ашка кошконго бердик. Петрушка,укроп,кинза ж.б көчөттөр берилет, фоеге стеллаж берсе ошого тигебиз. Буюрса мектептин бир бурчу, жашыл бурч болуп, окуучулардын тамагын таза табигый кошулмалар менен камсыздап калабыз» дейт мектеп директору Дөөлөтбек Кожомуратов.
КР боюнча жалпы 50 мектептин катарында бул долбоорго кирген Турусбек атындагы мектеп эми өзүнүн «жашыл бурчуна» ээ болот. Бул окуучулар үчүн жөн гана тамак-аш эмес, ошону менен бирге өсүмдүктөрдү багууну үйрөнүүгө багытталган тажрыйба аянтчасы болмокчу. Мындай аракеттер балдардын ден соолугун чыңдоого жана мектептин чарбалык потенциалын жогорулатууга чоң салым кошот.
Даярдаган: Азема Кудуева