Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында партиялык жана мамлекеттик ишмер. Мамлекеттик жана коомдук ишмер, өндүрүш, тоо-кең, айыл-чарбасынын мыкты адиси Абсамат Масалиевич Масалиевдин 90 жылдыгына карата кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Турнир Коммунисттик партиянын лидери Исхак Абсаматович Масалиевдин жаркын элесине арналып, «Элдик собор» коомдук бирикмесинин, «Широта42» Орус географиялык коомунун жаштар клубунун колдоосу менен уюштурулду.
Кичи футбол оюнун уюштуруу боюнча мелдештин негизги максаты: Саясатчы жана патриот Абсамат Масалиевди жана анын мааракесин эскерүү, ошондой эле балдардын футбол ойноого болгон каалоосун өнүктүрүү болду.
Турнирге жалпысынан 5 команда катышты:
Оюнчулар үч курактык топко бөлүнүп каралды: 2009-2010 жылкылар, 2011-2012 жылкылар жана 2013-2014-2015 жылкылар.
Турнирдин жүрүшүндө орундар жана номинациялар аныкталды.
Кичи футбол боюнча мелдештин негизги максаттары: Саясатчы жана патриот Абсамат Масалиевди жана анын мааракесин эскерүү, ошондой эле балдардын футбол ойноого болгон каалоосун өнүктүрүү.
Эскерте кетсек, Абсамат Масалиев азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна, мурдагы Ош облусунун Фрунзе районуна караштуу Алыш кыштагында туулган. Абсамат Масалиев 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, үч жылдан соң – Москвадагы Тоо-кен институтун, кийин эки жылдык жогорку партиялык мектепти бутүргөн. Тоо-кен инженери болуп иштеп, кийинчерээк коммунисттик партиянын жооптуу кызматына өткөн. «Кыргызкөмүр» трестинин участогунда начальниктин жардамчысы, шахтанын башкы инженеринин орун басары, тресттин башкы инженеринин жардамчысы, партиянын Ош обкомун өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн инструктору, башчысы, Кыргызстан КП БКнын өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары, партиянын Таш-Көмүр шааркомунун 1-катчысы, партиянын БКинин өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысы, катчысы, Фрунзе шааркомунун төрагасы, партиянын Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы, КПСС БКнын инспектору, Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы, ошол эле учурда Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Госгортехнадзорунун директору болуп иштеген. Абсамат Масалиев 1995-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болгон.
Абсамат Масалиев СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты. Октябрь революциясы, 2 Эмгек Кызыл-Туу, «Манас II» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев 2004-жылдын 31-июлунда жүрөк оорусу кармап, 71 жашында дүйнөдөн кайткан.
Айчолпон Омуралиева