Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында июль айында күндүн тепературасы 38-40 градуска чейин жетүүдө. Айыл тургундарынын көпчүлугү дыйканчылык менен алектенгендиктен ысык уруудан сактануу зарыл. Ысык аба ырайына байланыштуу дыйкандар капуста талааларында, эртең мененки ондон кечки алтыга чейинки убакта ысыкта иштебегенге аракет кылышууда.
Жаңы-Жер айылындагы дарыгер Рустам Ридвановдун айтуусу боюнча: Күндүн аптабында эртең мененки ондон кечки жетиге чейин ысыкта сыртка чыкпаганга аракет кылган жакшы. Карыларга жана балдарга өзгөчө көңүл буруу керек. Алардын организми ысыкты жаш жана орто жаштагыларга караганда оор көтөрөт. Гипертония жана жүрөктүн ишемиялык оорусу, кант диабети, калкан бези, семирүү, онкологиялык оорулары бар, инфаркт же инсульт менен жабыркагандар жайкысын этият болуусу керек.
Эгерде адамда саналып өткөн оорулардын бири болсо, мүмкүн болушунча күндүзү сыртта азыраак болууга аракет кылып, физикалык күчтү талап кылган иштерди башка убакытка жылдырган оң.
Дарыгердин кеңеши боюнча айта кетсек, тез жардам келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылыңыз. Жабырлануучуну көлөкө же салкын бөлмөгө алып барыңыз. Аны чалкасынан жаткырып, башынын астына бир нерсе коюп, кийимдерин чечип, денесин сүртүп, жабырлануучуга суу куюп койсо болот. Өзгөчө кырдаалдарда, адам эсин жоготкондо, дем алуу жана тамырдын кагуусу сезилбей калганда, дарыгерди күтпөстөн, жасалма дем алдыруу жана жүрөккө жабык массаж жасоо сунушталат.
Турсун Омуралиева