Замандын талабына ылайык, медиа айдыңындагы социалдык тармактарда Хештег (тор белги #) эмне үчүн колдонуларын баарыбыз эле билсек керек. Ошентсе дагы кененирээк маалымат менен бөлүшө кетели.
Интернет булактарындагы маалыматтарга таянсак Хештег 2007-жылы Остиндеги South by Southwest фестивалынын жүрүшүндө Твиттердин жардамы менен дүйнө жүзүндөгү адамдар фестивалда болуп жаткан окуяларга көз салышкан. Бирок Твиттерде фестивалдан тышкары Остиндеги башка окуялар жөнүндө маалыматтар чыгып, ыңгайсыздык жараткандыгына көпчүлүк нааразы болгон. Түрмөктөгү билдирүүлөрдү иретке келтирип, эмнеге көңүл буруу керектигин жана эмнеге көңүл бурбоо керектигин түшүнүү үчүн кандайдыр бир курал керек болчу.
Мына ошондо Google компаниясынын мурунку кызматкери жана Uber компаниясынын иштеп чыгуучусу Крис Мессина аттуу адам Твиттерге тэгдерди, тагыраак айтканда «каналдарды» кошууну сунуш кылган. Бирок Твиттер жетекчилиги бул идеяны алгач четке каккан.
Андан көп өтпөй интернет колдонуучулар хэштегдерди абдан көп колдоно башташкандыктан, 2009-жылы Твиттер аларды расмий түрдө колдоону чечкен. Компаниянын кызматкерлеринин бири автоматтык түрдө хэштег издөө тутумун иштеп чыккан. Кийин алар башка платформаларда да пайда боло баштаган.
Бирок «Хэштег» деген аттын пайда болушу технология индустриясынын дагы бир өкүлү, GigaOMдун мурунку жетектөөчү илимий кызматкери Стоув Бойдго байланыштуу болду. Анын айтуусу боюнча «Досторум менен ушул белгини колдоно баштадым. Мага «канал» деген сөз башынан эле жаккан эмес. Бул символ оператордун бири катары С программалоо тилинде колдонулганына көнүп калганбыз. Анда ал «торчо» эмес, «хэш» деп аталат. «Хэштег» деген сөз ушундайча пайда болду», – деген Бойд.
Эң кызыгы, Крис Мессина өзүнүн идеясын патенттеген эмес жана андан бир да доллар тапкан жок. Ал дүйнө жүзү боюнча адамдар анын ойлоп тапканын күн сайын колдонуп жатканына кубанычта экенин билдирген экен.
Хэштег (англис тилинен hash – торчо белгиси, tag – метка, белги) – социалдык тармактарда жана микроблогдордо колдонулуучу ачкыч сөз же сөздөр. Ал # белгиси менен башталат, кийинки сөзгө туташ жазылат.
Хештег эмне үчүн керек экенин төмөнкү видеодон көрө кетиңиз..
Билдирүүңүздү, постуңузду хэштег менен белгилеп, сиз “эн белги” саласыз жана башка колдонуучулар үчүн тематикалык, үндөш материалдарды издешин оңойлотосуз.
Турсун Омуралиева