Кыргызстанда ВИЧке арналган ыкчам тестирлөөнүн бир айлыгы өтүп жатат. Адистер ВИЧ илдетин учурда дүйнө өзгөчө мааниге алып жаткан коронавирустан алда канча кооптуу экендигин айтышат. Республикалык “СПИД” борборунун дарыгери Эркин Тостоков Жамааттык Медианын “Элсобол” программасында конокто болуп, ВИЧ илдети тууралуу маалымат берди.
Республикалык “СПИД” борборунун дарыгери Эркин Тостоков
ВИЧ илдетине ыкчам тестирлөөдөн өткөрүүнүн бир айлыгы өтүп жатат. Тестирлөө Кыргызстандын бардык облустарында ар дайым ыктыярдуу жана акысыз жүргүзүлөт. Андан өтүп жаткан адамга ВИЧ жөнүндө жалпы маалымат берилет. Тактап айтканда, ВИЧ кандай оору экени, ал кантип жугаары, алдыдагы тосмолордон жеңил өтүү жолдору көрсөтүлөт. Ыкчам тестирлөөдөн өтүп жаткан адамга атайын таңгак берилет. Анын ичинде тесттин өзү, тестти атайын жүргүзүү усулу, коргонуу каражаттары бар. Усулда тесттин жыйынтыгы вирус бар экендигин көрсөтсө кайсы жерге кайрылып, кандай кадамдарды кылуу керектиги көрсөтүлгөн.
ВИЧти аныктоочу ыкчам тесттин таңгагы
— Кайсы жылдан тарта ВИЧти аныктоодо ыкчам тестирлөөнү колдонуп жатасыздар жана ал жалпы эл үчүн жетиштүүбү?
— Жетиштүү деп айтсак болот. Бул тест башкаларга салыштырмалуу акыркы үлгүсү болуп саналат. Мурда деле бул тест колдонулчу, бирок аз санда… Эми тестирлөөнүн санын көбөйтүү максатында элге жеткиликтүү кылып, сунуштап жатабыз. Бул тесттин ыңгайлуулугу абдан көп. Анткени, атайын лабороториянын кереги жок. Адам өзү каалаган жеринде текшере алат, кааласа үйүндө дагы.
— Айрым учурда ВИЧтин анализи чет өлкөгө жумушка же окууга ж.б учурда керектелет. Бул ыкчам тестирлөөнү ошол учурда колдонсо болобу?
— Бул ыкчам тесттер адамдын абалын тез билүү жолу жана сапаттуулугу 99,6% туура көрсөтүлөт. Бирок, акыркы жыйынтык муну менен аныкталбайт. Акыркы диагноз кан менен бир канча тест системалардын жыйынтыгы менен такталат. Канчалык көп тестирлөө жүргүзүп, канчалык көп адамдан аныктасак, ошончо көп адам өмүрүн сактап калууга, ооруну жайылтпоого салым болот. Тилекке каршы, адам өзүнүн ооруп жүргөндүгүн узак убакытка билбеген учурлар катталат. ВИЧ илдетинин өзгөчөлүгү – адамда узак убакытка чейин эч кандай белги билинбеши мүмкүн. Иммунитет гана абдан төмөндөйт жана ага кайсы оору кошулса, ошол оору сыяктанып өтө бериши мүмкүн. Мисалы, туберкулез. Иммунитет түшкөн соң, туберкулез биринчи орундардан болуп козголот. Же болбосо, ич өтөт, арыктайт, пневмония болот. Ичи өтсө, ич өткөккө каршы дарыланып жүрө берет. Туберкулез болсо ага каршы дарыланат. Бирок, ВИЧке анализ тапшырбаса, башка ооруларды кайра-кайра дарылаган менен оору тыйылбайт. Себеби, ошол ооруларга алып келген ВИЧти дарылоо кажет.
— ВИЧтин белгилери билинбесе, адам ооруп жаткандыгын кантип биле алат?
— Белгилери таптакыр болбой койбойт. Анын өзгөчөлүгү – ал башка ооруларга окшош жүрүшү мүмкүн. Вирус иммунитетти түшүрөт. Иммунитет алсыраган соң башка ооруларга кептелиши мүмкүн. Ал эми жалпы белгилерин айтсак, адам арыктап, бездери чоңоюшу, себепсиз жана узак убакыт (1 айга чейин) дене табынын көтөрүлүшү, ич өтүү, дарыланган менен толук айыга албоо, деңгээлине жараша эң жеңил инфекциялардан тарта эң оор инфекцияларга чейин ооруп калышы мүмкүн. Андыктан, кандайдыр бир коркунуч болсо, тестирлөөдөн өтүү маанилүү.
— Кыргызстанда 10 миңден ашык адамдан СПИД аныкталган экен. Алардын басымдуу бөлүгү илдетке кантип кабылган?
— Биринчи июлга карата ВИЧ расмий аныкталгандардын саны Кыргызстандын жарандарынын арасында 10 158 болду. Тилекке каршы, анын 2387си ВИЧ байланыштуу болгон оорулардан каза болгону катталган. ВИЧ илдетинин 4-баскычы СПИД деп айтылат. Жогорудагы 10 158 адамдын 1139нан СПИД аныкталган. Эң негизги жугуу жолу – 51,5% жыныстык жол, 41% — баңгизаттарын сайынуу учурунда жуктуруп алгандар, 2,7% — ВИЧ илдетин энесинен жуктуруп алгандар. Жугуу жолдорундагы тенденцияны карап көрсөк, башында баңгизаттарын сайынуу аркылуу ВИЧке кабылгандар 90%га чейин жетсе, азыр бул көрүнүш өзгөрдү. Азыр тескерисинче, жыныстык жол менен жуккан учурлар көбөйүп жатат. Бул жыныстык жолдун көбөйүшү менен аялдар ВИЧке чалдыгып жатат. Баңгизаттарын колдонгондордун басымдуу бөлүгү эркектер болуп, ВИЧ менен көбүнчө эркектер ооруса, азыр жыныстык жолдун өсүшү менен аялдардын арасында ВИЧ көп аныктала баштады. Акыркы маалыматтарга ылайык, 67%- эркектер, 33% – аялдар түзөт. Жаш курактары боюнча 20-49 жаш, анын ичинде 30-35 жаштагылар көп чалдыгып жатат. Мындайча айтканда, бул куракта адам күчкө толуп, ишке жарамдуу болуп, репродуктивдүү саламаттыгы күчтүү кезинде кабалып жатышат.
— ВИЧке кабылгандар үчүн психологиялык кеңеш берүүлөр болуп турса керек…
— Сөзсүз. Бул илдетке кабылгандар стигма дискриминацияга кабылат. Т.а азыркы күнгө чейин “ВИЧ” дегенде адамдын терс жүрүм-турумунун негизинде келип чыккан жаман оору катары кабыл алынат. Ошондуктан, адамдар коркот. Тест тапшырып жатканда дагы, тестке чейин кеңеш берип, даярдоо процесси болот. Ал эми ВИЧ аныкталса, абдан курч мүнөздөгү реакциялар болот. Кээ бир адамдар эч ишенбесе, кээ бирлери жашоонун ошол учур менен бүтүп жаткандыгын элестетишет. Мындай көрунүштөрдөн улам, биздин врачтардын баары эле психолог болуп калды десем болот.
— ВИЧке кабылган адамды жана алардын жакындарын стресстен чыгаруу үчүн кандай кеңештерди бересиздер?
— ВИЧ аныкталган адам толук кандуу, башка адамдардан айырмасы жок жашаганга үй-бүлө, бала күтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошолорду биз түшүндүрүп жеткире билишибиз керек. Туура дарылануу процессинен өткөн адам 3 айдан кийин эле жыныстык жашоону уланта алат. Бирок, ВИЧ болгондугун башка адамга айтпай үйлөнүп же жыныстык катнашта жүргөндөргө биздин мыйзамдар жол бербейт. Эркек болобу, кыз болобу турмуш курганга чейин өз ахыбалын айтыш керек. Бирөөсүндө ВИЧ бар, бирөөсүндө жок болуп үй-бүлө куруп жаткандар же мурда эле үйлөнүп кийин биринен ВИЧ аныкталган үй-бүлөлөр көп. Биз мындай учурларды айтып, түшүндүргөн соң дарылануудан качкан бейтаптар деле болбойт. Жүз адамдын бирөө гана дарыланууга караманча каршы болбосо, туура түшүндүрүү менен дарылануу керектигин кабыл алышат.
Касиет Кубанычбек кызы