Кыргызстан башка өлкөлөр сыяктуу эле ВИЧ/СПИДдин таркалышы көйгөйү менен күрөшүүдө. өлкөдөгү АИВ илдети жуккан адамдардын алдында турган кыйынчылыктар жана алардын коомго аралашуусуна көмөктөшүү жолдору боюнча маалыматтар керек. Чүй облусу боюнча аталган илдеттин жайылышы 2024-жылдын 1-январына карата берилген маалыматын алсак, 2159 эркек, ал эми 1080 аялдар. Бул илдет менен жашаган адамдар олуттуу социалдык басмырлоого туш болушат.
Биз өлкөдөгү айыл аймактарындагы АИВ(Адамдын иммуннодефицит вирусу)-инфекциясы бар жарандарга карата басмырлоону жоюу жана колдоо көрсөтүүчү чөйрөнү түзүүгө аракет кылышыбыз керек. АИВти жугузуп алган адамга байланышкан, анын адамдык сапаттарына шек келтирген, басынткан сапаттарды таңуулоо стигматизация болот. Стигматизация адамда өзүн ыңгайсыз, күнөөлүү, жалгыз сезүүнү пайда кылганында гана эмес, башка адамдардын эч кандай аракет кылбоосуна же булардын укугун чектеген, же зыян келтирген аракетине алып келери менен да коркунучтуу. Мындай аракеттер АИВ менен жашаган адамдарга карата дискриминация болуп эсептелет дагы, ал адамдын өмүрүн тобокелдикке салып, илдетти өрчүтөт.
Ошондой эле, СПИД оорулуу адамдарды стигматизация жана дискриминация кылуу жана бул көйгөй жөнүндө унчукпоо алдын алуучу программаларды ишке ашырууга тоскоолдук кылат.
Буга карата Сокулук районундагы Жаны-Жер айыл тургундарынан ВИЧ-позитивдүү адамдарга карата кеңири жайылган стереотиптерди жана бейкалыс пикирлерди изилдөө үчүн сурамжылоо жүргүздүк.
Турсун Омуралиева