Быйыл Ак-Талаа районунда улустун улуу күнү Нооруз майрамы зор салтанат менен белгиленүү алдында турат. Бул үчүн даярдыктар башталды. Тактап айтканда, «Арыба, кыргызымдын нарктуулугу» аттуу маданий салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бүгүн райондун борбору Баетов айылындагы «Жеңиш» сейил багында боз үйлөр тигилди.
Майрамдык салтанатта боз үй, сүмөлөк сынактары жана бозо фестивалы өтөт. Мындан сырткары спорттук оюндар боюнча мелдештер, уюштурулат. Мелдештерге жана сынактарга акчалай байгелер берилет. Ошондой эле майрамда Ак-Талаа районунан чыккан 60 ырчынын чоң программадагы концерти тартууланат.
Барчын Мамытбекова