Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Равшанбек Рысбаев келип элдин көйгөлөрү менен таанышты. Буга чейин жергиликтүүлөр эскилиги жеткен мектеп жана социалдык объектилерди жаңыдан куруп берүү суранычы менен кайрылуу жасаган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Равшанбек Рысбаев:
«Менин Т. Кулатов айыл аймагына келгенимдин негизги максаты: эскилиги жеткен мектептерди көрүп кетүү. Азыркы учурда элдердин эң орчундуу маселелеринин бири эскилиги жеткен мектеп жана социалдык объектилерди жаңыдан салып берүүбүздү суранып кайрылуу жасаган. Ошонун негизинде келип көрүүдөмүн » деп билдирди.
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева