3-февраль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянованын демилгеси менен органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө арналган «Органика – Агродиалог» аталышындагы жыйын болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — органикалык айыл чарбасын системалуу өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана мамлекеттик органдар, фермерлер, ишкерлер менен илимпоздордун ортосунда натыйжалуу диалог түзүү болду.
Махабат Мавлянова
Жыйындын катышуучулраы
Иш-чарага мамлекеттик орган өкүлдөрү, агрардык илимдин адистери, органикалык продукция өндүрүүчүлөр, сертификаттоочу уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, агрардык илимдин адистери, органикалык продукция өндүрүүчүлөр, ошондой эле сертификаттоочу уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары, өлкөнүн жети дубанынан келген фермерлер өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Иш-чарада сөз сүйлөгөн депутат Махабат Мавлянова органикалык айыл чарбанын өлкө үчүн стратегиялык маанисине токтолду:
«Органикалык айыл чарба — бул экологиялык таза азык-түлүк гана эмес. Бул дыйкандардын кирешесин көбөйтүү, экспорттук потенциалды кеңейтүү жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылган маанилүү багыт. Бүгүнкү “Органика – Агродиалог” жыйыны мамлекеттик органдар менен өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы ачык диалогду күчөтүп, тармакты өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет», — деди эл өкүлү.

Жыйындын жүрүшүндө органикалык айыл чарбасынын учурдагы абалы, сертификация жана стандарттар, экспорттук мүмкүнчүлүктөр, инвестиция тартуу маселелери, ошондой эле дыйкандардын практикалык тажрыйбалары боюнча баяндамалар жасалды. Талкуунун алкагында тармакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү сунуштар айтылып, активдүү пикир алмашуу болду.

Жыйынга жети дубандан келген фермерлер катышты.
Даярдаган: Алгожоева Жанар