Токтогул районуна караштуу, Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинин окуучулары «Zeen» Республикалык олимпиадасына катышып ийгиликке жетишти. Мектептен жалпы 69 окуучу катышып баалуу белектерге ээ болушту. Алар математика, кыргыз-тил,орус-тил жана англис тил сабактарынан тест тапшырышты. Бул тестте окуучулар өздөрүнүн билим денгээлин сынап көрүштү. Олимпиаданын жыйынтыгында окуучулар смартфон, телефон жана алтын, күмүш медалдарды алышты.

«Олимпиадага кызыккан окуучулардын саны көбөйдү. Zeen Республикалык олимпиадасына окуучулар катышып, өздөрүнүн билим денгээлин текшерип жогорулата алышат. Кыргызстан боюнча катышкан окуучулар арасынан дагы, биздин мектептин окуучулары смартфон, планшет жана алтын, күмүш медал уткандар көп болду. Жалпысынан 1 окуучу планшет,1 окуучу смартфон,7 окуучу алтын медаль, 13 окуучу күмүш медаль, 20 окуучу коло медаль жана 27 окуучу катышкандыгы үчүн ыраазычылык кат алышты.

Кийинки апрель айында өкөрүлө турган олимпиадага дагы окуучулар катышып, азыркы күндө жазылып жатышат. Алардын кызыгуусу күч, көбүнчө окуучулар баалуу белек алганга кызыгышат экен. Билимдин күчү менен баалуу белектерге жетсек болот» — дейт Зеен олимпиадасынын координатору Айзирек Нурбек кызы.


«Мен олимпиадага өзүмө ишенип катышып, орус -тил сабагынан тест тапшырдым. Орус-тил сабагынан кызыгып окугандыктан тест тапшырыш мен үчүн оңой болду. Планшет утуп алганыма аябай кубандым. Планшетти алып биринчи эле апама көрсөтүп мактандым, апам мени куттуктап сыймыктанарын айтты. Менин досторум дагы кызыгып олимпиадага катышабыз деп жатышат. Сабактарды жакшы окусам ушундай белектерге ээ болом»- дейт 3-классынын окуучусу Кудайберген Назаркулов.
Даярдаган: Айданек Жусупбекова.