Суусамыр айылында балдар арасында кызамык жана кызылча ооруларына каршы пландуу эмдөө иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү медициналык кызматкерлердин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 26-январынан тартып жогорудан берилген буйруктун негизинде 1–2 жашка чейинки балдарга кызамык жана кызылча ооруларына каршы эмдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Эмдөө медайымы Кошкороева Мээримдин айтымында, бул эмдөөлөр балдардын иммундук системасын күчөтүп, ооруга чалдыгуу коркунучун азайтат:
«Азыркы учурда кызамык жана кызылча ооруларына каршы эмдөө жүргүзүп жатабыз. Айрым ата-энелер ар кандай себептер менен эмдөөдөн баш тартып же эмдөөгө келбей жатышат. Бирок бул эмдөөлөр баланын ден соолугу үчүн өтө маанилүү. Себеби азыр бул оорулар республика боюнча кооптуу абалга айланды. Эгер бала ооруга чалдыкса, иммундук системасы даяр болуп, ооруну жеңилирээк көтөрөт», — деди эмдөө медайымы.
Ошондой эле учурда алты жашка толгон балдарга гептөөр ооруларына каршы эмдөөлөр да жүргүзүлүп жатат. Медициналык кызматкерлер ата-энелерди эмдөөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылып, балдарын өз убагында эмдетип кетүүгө чакырышат.

Кошкороева Мээрим (эмдөө мед айымы)
Даярдаган:Айтурган Кушкарбекова