2026-жылга жаздык айыл чарба өсүмдүктөрдүн дотацияланган үрөндөрүнүн баалары бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин 2026-жылдын 30-январындагы №05/2-17/20 буйругуна ылайык, айыл аймактарында 2026-жылдын жазгы айдап-себүү иштерине карата төмөнкү айыл чарба өсүмдөктөрүнүн дотацияланган үрөндөрүнө сунушталган баалар бекитилди;
Жаздык буудай, жаздык арпанын, жүгөрү, картошка, беде, экспарцеттин үрөндүрүнүн баалары кийинки сүрөттөн көрсөңүздөр болот.

Дыйкан-фермерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, үрөнчүлүк чарбалар тарабынан даярдалган сертификатталган үрөндөр 30% жеңилдетилген баада сатылат.
Бул маалыматты Кочкор райондук Агрардык башкармалыгы билдирди.
Даярдаган: Нурия Карымбаева