«Аркус» басмасынын «12 жылдык билим берүү стандарттарынын талаптарын ишке ашыруу үчүн ресурстар » темасында Кочкор районундагы орус жана кыргыз тилинен берген мугалимдерге усулдук семинар өткөрүлдү.

Кочкор айылынын орус тили сабагынын мугалимдери
2026-жылдын 2-февраль күнү Калыгул Бай уулу атындагы жалпы билим берүү мектебинде «Аркус» басмасынын орус тили боюнча (орус тилдүү мектептердин 5,6,7-класстарын окуткан мугалимдер үчүн) спикер-орус тилинен улуттук окуу китептеринин автору Людмила Бреусенко.

Тренер Наталья Бреусенко
Орус тили боюнча (окуту кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1,2 класстарын окуткан орус тил мугалимдер үчүн) тренер- Евгений Терентьев «Мыкты мугалим» коомдук фондунун башкы директору,методист.
Кыргыз тили боюнча (кыргыз тилдүү мектептердин 5,6-класстарын окуткан мугалимдер үчүн) спикер-«Аркус» басмасынын башкы редактору Жылдыз Медералиева мугалимдерге китептер боюнча маалымат берди.

Кочкор районунун кыргыз тили жана адабият мугалимдери
Окуу китебинде бардык элементтери негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган. Негизги кептик материал катары көркөм адабияттан алынган тексттерден тышкары илимий-популярдык жана публицистикалык тексттер тандалып алынды. Ошондой эле китеп сүрөттөр, грамматикалык формалар боюнча таблицалар жана башка графикалык сүрөттөлүштөр, диаграммалар, тесттер, сөздүктөр менен коштолот.

Бул китептин өзгөчөлүгү-атайын иликтөө баракчасы. Ал окуучуларга таанып-билүүсүн жана кызыгуусун артырууга, өз алдынча иштөөгө, предмет боюнча алган билимин тутумдаштырууга, жалпылоого жана тереңдетүүгө багытталган.
Даярдаган: Канайым Мирланова