2026-жылдын 16-февралында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Эрлан Чекирбаев, Монополия каршы кызматтын Нарын облустук бөлүмүнүн башчысы жана Кочкор райондук салык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кочкор айылындагы эт саткан дүкөндөр кыдырылып, эттин баасына көзөмөл жүргүзүлдү.

Кочкор айылында эт саткан дүкөндөрдү кыдыруу жана бааларга көзөмөл жүргүзүү иш-чарасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтар тарабынан уюштурулуп, базардагы баалардын туруктуулугун камсыз кылуу максатын көздөдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө уй, көй жана жылкы эттеринин бааларын, алардын сапаты, сактоо шарттары, таразалардын тактыгы каралды. Айрым соода түйүндөрүндө баа так көрсөтүлбөгөн учурлар аныкталды жана аларга эскертүү берилди. Ошондой эле санитардык талаптарды сактоо маселеси да көзөмөлгө алынды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Монополияга каршы кызмат тарабынан бекитилген баадан кымбат саткан соода түйүндөр аныкталып, аларга айып пулдар салынды. Учурда райондо эттин баасы 1 килограммы үчүн 640 сом өлчөмүндө бекитилген.

Жергиликтүү калк үчүн эскертүү берилди, эгерде эт сатып алууда көрсөтүлгөн 640 сомдон жогору баада саткан дүкөндөргө туш болсо, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына же Монополияга каршы кызматтын Нарын облустук бөлүмгө байланышуу үчүн 0555-40-49-38 номерге кайрылууну билдиришти. Ал үчүн сүрөт, видео далилдер менен кайрылса арыздын негизинде мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Мындай рейддер мындан ары да улантылат, калкты сапаттуу жана жеткиликтүү баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу багытында иштер жүргүзүлөт.
Сүрөттөр Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын архивинен алынды.
Даярдаган: Нурия Карымбаева