«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Чүй, Талас облустары менен Бишкек шаарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.
Бүгүнкү эфирде «Өзгөчө балдардын апаларынын көйгөйлөрү» деген тема талкууланат.
“Кыйындын” катышуучулары:
Гулсина Субанбекова — «Жаркын келечек» коомдук бирикмесинин жетекчиси;
Гулмайрам Чилиева — жергиликтүү кеңештин депутаты (Чүй, Курама айылдык кеңеши).