16-январда Нарын шаарында «Күчтүү жаштар – күчтүү өлкө» долбоорунун алкагында билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Иш-чарага Кочкор жана Ат-Башы райондорунан долбоорго катышуу үчүн тандалып алынган 8 мектептин директорлору, социалдык педагогдору, ошондой эле райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Тарбия жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбеков, долбоордун координатору Венера Шонкоева жана Перизат Таштанова катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Күчтүү жаштар – күчтүү өлкө» долбоорунун максаттары жана милдеттери тааныштырылып, анын алкагында мектеп медиа борборлорун түзүү демилгеси талкууланды. Долбоор жаштардын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатууга, санариптик коопсуздук жана жарандык катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, долбоор Жамааттык маалымат каражаттарынын ассоциациясы тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ЮНИСЕФ менен биргеликте ишке ашырылууда.