Бүгүн 18-февралда Ош шаарында «Күчтүү жаштар – күчтүү өлкө» долбоорунун алкагында билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Иш-чарага Ош шаарынан долбоорго катышуу үчүн тандалып алынган 8 мектептин директорлору, социалдык педагогдору катышты.

Жолугушууга Ош шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов, Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова, долбоордун координатору Венера Шонкоева катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Күчтүү жаштар – күчтүү өлкө» долбоорунун максаттары жана милдеттери тааныштырылып, анын алкагында мектеп медиа борборлорун түзүү демилгеси талкууланды. Долбоор жаштардын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатууга, санариптик коопсуздук жана жарандык катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.


Белгилей кетсек, долбоор Жамааттык маалымат каражаттарынын ассоциациясы тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ЮНИСЕФ менен биргеликте ишке ашырылууда.