Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кызыл-Ой айылында кар көчкү түшүп, бир адам каза болду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, маркум мал айдап бара жаткан учурда кар көчкүнүн алдында калган.
2026-жылдын 12-февралында болжол менен саат 12:00 чамасында Кызыл-Ой айылынын “Бороонду” жайлоосунда кар көчкү түшкөнү тууралуу маалымат айыл башчысы тарабынан тиешелүү кызматтарга жеткирилген. Анда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу жаран 50 кой жана 1 аты менен кошо кар көчкүнүн алдында калганы кабарланган.

Маалымат түшөрү менен Жайыл райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жерине барып, издөө-куткаруу иштерин башташкан. Көчкүнүн көлөмү чоң болуп, аба ырайынын кескин начарлашы иштерди татаалдаштырган.
Издөө иштерине кошумча күч катары Жумгал райондук №43 ӨКМ бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, иштер улантылууда. Учурда маркумдун 20 баш кою табылганы маалым болду.
Мындан тышкары, Суусамыр айылынын тургундары да издөө иштерине активдүү катышып жатышат. Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна
Жайыл раойнуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кызыл-Ой айылында кар көчкү бир адамдын өмүрүн алды. Алдын ала маалымат боюнча маркум мал айдап бара жаткан.
2026-жылдын 12-февралында болжол мене 12:00 чамасында Кызыл-Ой айылынын «Бороонду» жайлоосунда кар көчкү түшүп, 1967-жылы туулган Д.А аттуу эркек кишини 50 кой 1 аты менен кар көчкү басып калгандыгы тууралуу маалымат, Кызыл-Ой айылынын айыл башчысынан келип түшкөн. Маалмат келип тушөр замат Жайыл райондук ӨКМ кызматкерлери издөө иштерин баштады.

Тушкөн көчкүнүн көлөмү көп болуп жана аба ырайынын кескиң начарлаша издөө иштерине тоскоолдук жаратып, Жумгал районун №43 ӨКМ ден 5 куткаруучу тартылып издөө иштериууланууда. Айырым кыйынчылыктарда улам маркумдун бүгүнкү күндө 20 баш кою табылды. Кошумчалай кетсек Суусамыр айылынын тургундары издөө иштерине катышууда. Кошумча маалымат берилет.