2026-жылдын 12-февраль күнү Нарын районунун Таш-Башат айылындагы М. Көлбаев атындагы спорт комплексинде Нарын райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) мектептер менен биргеликте “Мыйзам тартипти сактайт, спорт тартипке үйрөтөт” аттуу спорттук мелдеш уюштурду.
Иш-чаранын негизги максаты — жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун жана рэкетчиликтин алдын алуу, спорт аркылуу өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө жана мекемелер менен мектептердин ортосундагы кызматташууну чыңдоо болду.
Мелдешке 8–9-класстардын окуучуларынан түзүлгөн командалар катышты. Ар бир команда 6 окуучудан (3 кыз, 3 эркек) түзүлдү.
Мелдешти Нарын РИИБдин начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги Талант Ашырбаев, милициянын майору Улан Усубалиев, Нарын РИИБдин жол коопсуздугу боюнча башчысы, милициянын капитаны Адилет Советов, ошондой эле мектеп өкүлдөрү калыстык кылышты.
Мелдешке Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы жалпы билим берүү мектебинин “Ак шумкар”, Мукаш Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинин “Намыс”, Марат Кенжакунов атындагы жалпы билим берүү мектебинин “Мурас” командалары катышты.
Жыйынтыгында:
🥇 1-орун — “Ак шумкар”
🥈 2-орун — “Намыс”
🥉 3-орун — “Мурас”
Жеңүүчүлөргө жана катышкан командаларга Нарын РИИБ тарабынан атайын грамоталар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Ошондой эле мелдешти уюштурууга көмөк көрсөткөн Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Н. Шалдырбековго жана дене тарбия мугалими М. Курманалиевге Нарын РИИБдин Ардак грамотасы ыйгарылды.

Даярдаган: Чечебаева Забира