Каргалык айыл аймагына караштуу айылдардын ички жолдорунда кар тазалоо иштери жүргүзүлдү. Учурда жолдорду тазалоого атайын техникалар тартылып, иштер күнү-түнү уланууда. Кар тазалоо иштерине Макмал Голд Компани ЖЧКсы активдүү катышып, атайын техникаларды бөлүп берди. Компаниянын колдоосу менен жолдор өз убагында тазаланып, тургундардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзүлүүдө.

Мындан тышкары, кар тазалоо иштерине төмөнкүлөр өз салымдарын кошушту:
— Макмал Голд компаниясынын айдоочусу Бактияр Кудагелдиев;
— Суу башкармалыгынын айдоочусу Төлөн Чөкөнбаев;
— ДЭУ-18 жол тейлөө ишканасынын айдоочулары Бердибек Бороев жана Азис Исаков;
— Казарман айылынын тургундары Тынчтык Абдырахманов, Сейит Кебеков, Бакытбек Маатканов жана Абдумалик Мураталиев (жеке техникалары менен колдоо көрсөтүштү).
Жергиликтүү тургундар элдин коопсуздугу үчүн күнү-түнү эмгектенип жаткан бардык жарандардын ишин жогору баалап, ыраазычылык билдиришти
Даярдаган: Анара Мааметова