Жаш курагына жараша жүргүзүлгөн эмдөөлөр адамдын ден соолугун коргоодо маанилүү орунду ээлейт. Айрыкча 11 жана 16 жашта жасалуучу эмдөө селейме, дифтерия жана көк жөтөл сыяктуу кооптуу жугуштуу оорулардын алдын алууга багытталган. Дарыгерлер бул эмдөөнү ар 10 жыл сайын кайталап алып туруу зарыл экенин белгилешет.
Бул тууралуу Түп районунун Тасма айылынын мед айымы Азат Кокумбекова маалымат берди.

Анын айтымында, аталган эмдөө балдарга кичинекей кезинде жасалып, 11 жана 16 жашында кайрадан сайылат. Андан соң ар 10 жыл сайын кайталап туруу сунушталат. Эмдөө жалпысынан 56 жашка чейин жүргүзүлөт.
Бул вакцина төмөнкү ооруларга каршы коргоону камсыз кылат:
— Көк жөтөл
— Селейме
— Дифтерия
Мед айымдын белгилөөсүндө, өзгөчө селейме оорусу өтө кооптуу. Бул илдетке чалдыккан учурда бейтаптын абалы оорлоп, өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн. Ошондуктан алдын алуу чарасы катары эмдөө алуу абдан маанилүү.
Адистер эмдөөнү өз убагында алып турууну сунушташат. Мындан тышкары, жогорку окуу жайларга тапшырууда да эмдөө тууралуу маалымат талап кылынышы мүмкүн.
Даярдаган; Мадина Үсөнова