Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Төлөк айылынын жергиликтүү тургуну Бурул Майрамбек кызы кыргыз чаар тоогун багып, сейрек кездешкен улуттук тукумду сактоо аракетин көрүп келет. Анын бул иши улам барган сайын кеңейүүдө ал ИСУР коомдук фонду тарабынан аялдарга арналган чакан грантты утуп алган.
Кыргыз чаар тоогу — илгертен бери элибиз багып келген, табигый калыптанган жергиликтүү парода. Чаар түстөгү бул тооктор суукка чыдамдуу, ооруларга туруктуу жана тоолуу шартта жакшы көбөйөт.
Орточо эсеп менен жылына 120–160 даана жумуртка берет. Ургаачысынын салмагы 1,8–2,2 кг, ал эми эркеги 2,5–3 кг чейин жетет. Табигый шартта өскөндүктөн, жумурткасы даамдуу жана сапаттуу деп бааланат.

Акыркы жылдары өндүрүштүк кросстордун көбөйүшү менен кыргыз чаар тоогу азайып, жоголуп кетүү коркунучуна кабылган. Айрым энциклопедиялык басылмаларда ал жергиликтүү сейрек кездешкен тукум катары белгиленип келет.
Бурул Майрамбек кызы утуп алган чакан гранттын каражатына таза кандуу кыргыз чаар тоогун, сапаттуу тоют жана тоокканага керектүү жабдууларды сатып алган. Бул анын чарбасын кеңейтүүгө жана тукумду көбөйтүүгө шарт түздү. Азыркы учурда тооктордун санын көбөйтүүдө.
“Кыргыз чаар тоогу биздин шартка эң ылайыктуу. Кыштын суугуна да чыдайт. Бул тукум жоголуп кетпеши керек”, — дейт Бурул айым.

Кыргыз чаар тоогу — жөн гана канаттуу эмес, ал элибиздин салттуу чарбачылыгынын бир бөлүгү. Жергиликтүү тукумду сактоо — азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун жана улуттук генетикалык байлыкты коргоонун маанилүү кадамы.
Төлөк айылындагы бул демилге айыл чарбасында аялдардын ролун да көрсөтүп турат. Чакан грант чоң ишке жол ачып, жоголуп бара жаткан тукумду сактоого реалдуу мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Даярдаган: Мирайым Конокбаева