Тырмакты узак убакыт бою шеллак менен жабуу анын табигый абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени колдонулган материалдардын курамында химиялык заттар бар. Тырмакка туура кам көрүү боюнча кеңештерди 5 жылдан бери бул тармакта эмгектенип келе жаткан, учурда Санкт-Петербург шаарында иштеген тырмак мастери Асаналиева Нуркыз айтып берди.

Нуркыз бул өнөргө мектепте окуп жүргөндө эле кызыккан.
«Сулуулук салонунда иштесем деп кыялданчумун. Мектепти аяктагандан кийин курстарга катышып, ушул кесиптин ээси болдум. Бул иш күжүрмөндүктү жана чыдамкайлыкты талап кылат», — дейт ал.
Адистин айтымында, тырмак жасоодо технологиялар абдан өнүккөнү менен эски үлгүлөр кайра модага кайтууда. Айрыкча френч стили кайрадан популярдуу болууда. Кыш мезгилинде кыз-келиндер кызыл өңдү тандашса, жай айларында ачык, жумшак түстөргө басым жасашат.
Шеллактын зыяны барбы?
Нуркыздын айтымында, шеллак толугу менен зыянсыз деп айтууга болбойт.
«Материалдардын курамында химия бар. Аз өлчөмдө болсо да тырмакка таасир этет», — дейт ал.
Тырмакты “эс алдыруу” керекпи?
Адис тырмакты мезгил-мезгили менен эс алдыруу зарыл экенин белгилейт. Эгер тырмак катуу болсо — жылына бир жолу, эгер жумшак жана бат сынма болсо жылына эки жолу эс алдыруу сунушталат.
Үй шартында тырмактын түптөрүнө атайын майларды сүйкөп туруу пайдалуу. Ошондой эле кутикуласын өз убагында тазалап, кам көрүү керек. Адис айына жок дегенде бир жолу тырмак мастеринен кызмат алуу туура экенин кошумчалады.
Тырмак сынып же сыйрылып жатса…
Мындай учурда дарыгерге кайрылуу сунушталат. Себеби бул организмде витамин жетишсиздигинен кабар бериши мүмкүн. Адис дарыгердин кеңеши менен керектүү витаминдерди кабыл алуу керектигин айтат.
Салон тандоодо эмнеге көңүл буруу зарыл?
«Эң башкысы — тазалык. Инструменттер сөзсүз стерилизациядан өтүшү керек. Болбосо ар кандай инфекциялык ооруларды жуктуруп алуу коркунучу бар».
Маегиңизге рахмат!
Даярдаган: Айдай Сагынбаева