“Кыз китептин” жаралуусуна Кыргызстанда кыздарга арналган адабияттын жок экендиги себеп болгон. Китептин мазмуну кыздардын жеке гигиенасына арналат. Мындай контентти жаратуу идеясы экс-перзидент Роза Отунбаевага таандык. Ал эми автору журналист Бактыгүл Чыныбаева.
Кыргызстанда өспүрүм кыздарга арналган китеп жарыкка чыкты
“Кыз китеп” өспүрүм кыздардын сырдашы болсун деген ниет менен жазылган. Мазмуну, “башыңды бийик көтөр” деген чакырык менен башталып, кыздардын дене мүчөлөрүнө кам көрүүсү, туура тамактануу, кийинүү, мүнөздүн өзгөрүүсү, жакындар менен мамиле курууга психологиялык кеңештер камтылган.
«Кыз китептин» автору
“Баш, чач, кулак, көкүрөк, бел ж.б дене мүчөлөрүнө кыз киши кантип кам көрүшү керек экендиги практикалык кыска кеңештер сүрөттөрдүн коштоосунда берилген. Иллюстрацияны маани менен жасаганга аракет кылдык. Ал жерде 3 өспүрүм кыргыз кызы бар. Китепте бир гана кыздын идеалдуу образын бербей, кадимки жашоодогу өспүрүм кыздардын образы берилди. Ошондой эле, азыр өспүрүм кыздар селфиге түшкөндү жактырат. Китепке да ошондой образдар камтылган”, — дейт китептин автору Бактыгүл Чыныбаева.
Ар бир тема кызыктуу, кооз сүрөттөр менен шөкөттөлгөн. Темаларды сүрөттөр менен ачып берүүдө иллюстартордун эмгеги талашсыз. Бирок, иллюстраторду табууда кыйынчылык жаралган.
“Балдардын иллюстраторлору бизде өтө тартыш экен. Биз ойлогондой сүрөттөрдү Елена Чайковская тартып бере алды.”
Бул китепти жазууда, автор өз кыздарына жана сиңдилерине берген тарбиясын эске алып, кыргыздын нукура кулк мүнөзүнө да ыңгайлаштырган. Ал эми айрым медициналык кеңештерди дарыгерлердин айтып берүүсү менен ишке ашырган.
Кыз китептин ар бир темасы кызыктуу, кооз сүрөттөр менен шөкөттөлгөн.
“Негизи кыз баланын ден-соолугу улуттун ден-соолугу деп айтылат. Ал эртең эне болот, төрөйт. Ошондуктан, кыз бала өзүн эрте жаштан эле сергек жашоого даярдашы керек. Тилекке каршы, биздин балалыгыбызда кыргыз тилинде мындай мазмундагы китептер колубузга тийген эмес, көргөн эмеспиз”.
Бактыгүл Чыныбаева, бул китепке кызыккандар арасында аталар көп экенин айтып, алар кыздарга айта албаган кеңешин китеп аркылуу билдиргиси келгенине токтолду.
“Аталар үчүн дагы, апалар үчүн дагы өспүрүм курактагы баланын психологиясын түшүнүү оор болот. Ошол учурда бул китеп колдонмо катары аларга да керектүү болот деп ойлойм”.
Автор, буга чейин Лондондо жашап жүргөндө англис жазуучусу Жаклин Уилсондун китептерин жактырып окуганын билдирип, “Кыз китепти” жазууда да аталган жазуучунун стилине таянганын кошумчалады. Жаклин Уилсондун өспүрүм кыздарга арналган китептери миллиондогон тираждар менен басылып чыгат жана өспүрүм кыздардын сүйүп окуган китептеринин сап башында турат.
“ Ошол учурда менин кызым 10 жашта болчу. Биз Жаклин Уилсондун кыздарга арналган китептерин абдан кызыгуу менен окуп, кийинки сериялары чыкканча күтчүбүз. Бирок, биздин кыргыз кыздарга ыңгайлуу контент чыгарайын дедим. Карасам, өспүрүм кыздардын гигиенасына, жеке өзүн туура алып жүрүүгө арналган бир дагы китеп чыкпаптыр. Мындан улам бул китепти жараттым”.
Китепти жазуу идеясы экс-президент Роза Отунбаевага таандык.
Китепти жазуу идеясы экс-президент Роза Отунбаевага таандык.
“Редакциянын көбү Роза Исаковнанын өзүнүн көзөмөлүндө болду. Ал эми китептин редактору Айша Курбанова балдар адабиятына абдан кылдат мамиле кылган эже. Ал окуп чыгып, өзүнүн өспүрүм кыздарына дагы көрсөтүптүр. Мындан тышкары, дагы көптөгөн өспүрүм кыздарга жөнөтүп көрдү. Баарына жаккандан кийин, иллюстратор издедик”, — деди Бактыгүл айым.
Кыз китептин” автору Кыргызстанда балдар адабияты абдан жарды экенине токтолуп, акын жана жазуучуларды бул тармакка көңүл бурууга чакырды.
“Акын, жазуучулар балдар адабияты десе эле жомоктор, ырларды эсептешет. Балдар адабиятын балдар окушу керек жана окуп жатып алар кызыгып окугудай болушу абзел. Мисалы, мен Орусиядагы ж.б чет өлкөдөгү балдар адабиятын балдарым менен бирге сериядан серияга кубалап окуйм. Эмнеге биздин жазуучулар балдар дүйнөсүнө кирип жаза албайт деп таң кала берем. Ошол эле учурда балдар китеп окубайт деп ата-энелер арызданышат. Ал үчүн ата-эне өзү окушу керек. Балдар үчүн жазганда дагы баланын тилин билиш керек”.
Белгилей кетсек, Бактыгүл Чыныбаеванын бул жылы “Кыз китептен” тышкары дагы бир китеби жарык көргөн. Ал, “Менин компьютерим” деп аталып, билим берүү министрлигинин онлайн китепканасында расмий түрдө орун алган.
Билимдүү уул-кыз коомду бирдей өнүктүрөт
Кызыл китепке кирген «Айбан сары» тууралуу билесизби?
Касиет Кубанычбек кызы