Кыргызстанда ишкер айымдарды колдоого багытталган насаатчылык программанын бешинчи сезону башталды. Демилге Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан «Бизнестеги айымдар» программасынын алкагында ишке ашырылып, FINCA Банк менен өнөктөштүктө жүргүзүлүүдө.

Жаңы сезонго өлкөнүн ар кайсы аймактарынан тандалып алынган 36 ишкер айым катышууда. Алар жети ай бою тажрыйбалуу насаатчылар менен биргеликте бизнесин өнүктүрүү, масштабдоо жана башкаруу көндүмдөрүн өркүндөтүү багытында иш алып барышат.

Насаатчылык программа ЕРӨБдүн «Бизнестеги айымдар» демилгесинин негизги бөлүктөрүнүн бири болуп эсептелет. Ал каржылык инструменттер менен катар окутуу, кеңеш берүү жана менеджментти өнүктүрүү сыяктуу каржылык эмес кызматтарды камтыйт. Программа 2019-жылдан бери ишке ашырылып, буга чейин 300дөн ашык ишкер айым катышкан. Натыйжада алардын көпчүлүгү бизнесин кеңейтип, кирешесин көбөйтүп, рыноктогу позициясын бекемдөөгө жетишкен.
ЕРӨБдүн Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча аймактык директору Айтен Рустамова белгилегендей, ишкер айымдардын каржылык эмес колдоого болгон кызыгуусу жылдан-жылга өсүүдө. Анын айтымында, мындай колдоо бизнесин туруктуу өнүктүрүүгө жана жаңы деңгээлге чыгууга жардам берет.

Программанын катышуучулары билим берүү, тамак-аш өндүрүшү, жеңил өнөр жай, соода, туризм жана айыл чарба сыяктуу ар түрдүү тармактарда иш алып барышат. Алар насаатчылар менен биргеликте бизнес-процесстерди жакшыртуу, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуу, маркетинг стратегиясын иштеп чыгуу жана башкаруу көндүмдөрүн күчөтүү үстүндө иштешет.
FINCA Банк башкармалыгынын төрагасы Махмуд Саидахматов бул программа ишкер айымдарды ар тараптуу колдоонун маанилүү бөлүгү экенин белгиледи. Анын айтымында, каржылык кызматтар менен катар насаатчылык сыяктуу кошумча мүмкүнчүлүктөр бизнес жүргүзүүнү аң-сезимдүү жана туруктуу кылууга шарт түзөт.

Катышуучулардын бири, «Логофея» логопедиялык борборлорунун жетекчиси Гулдана Шабданова бул программа аркылуу өзүнүн билим-билгичтигин кеңейтүүнү жана бизнесин жаңы деңгээлге чыгарууну максат кылууда. Ал буга чейин да бизнести өнүктүрүү үчүн банктын каржылык колдоосун пайдаланган.
Ал эми насаатчылардын бири, сатуу боюнча эксперт Азат Шаймерденов ишкерлерге заманбап маркетинг ыкмаларын үйрөтүп, кардар менен туура иш алып баруу боюнча кеңештерди берет.
Программа жекече насаатчылык сессиялардан тышкары топтук тренингдерди, ишканаларга таанышуу сапарларын жана нетворкинг иш-чараларын да камтыйт. Бул катышуучуларга жаңы тажрыйба топтоого, пайдалуу байланыштарды түзүүгө жана кесиптик коомчулуктун бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек, аталган демилге ишкер аялдар үчүн Финансылык демилге (We-Fi) жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ЕРӨБдүн чакан бизнеске көмөк көрсөтүүчү фонддору аркылуу каржыланууда.