Токтогул суу сактагычында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам рейддин төртүнчү күнү ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Бул рейддик иш-чаралардын башкы максаты — суудагы экологиялык балансты сактоо, балыктардын урук таштоо мезгилинде аларды коргоо жана колдонууга тыюу салынган синтетикалык торлорду жок кылуу болуп саналат. Инспекторлор суу сактагычтын үстүнкү катмарын гана эмес, түбүн да кылдат текшерүүдөн өткөрүштү. Төрт күнгө созулган жигердүү иштин алкагында суу сактагычтын түбүнөн жана үстүнөн болжол менен 3500 метрди түзгөн синтетикалык торлор чыгарылды. Бул торлор балыктардын көбөйүшүнө гана тоскоол болбостон, суунун флора жана фаунасына олуттуу зыян келтирип жаткан.

Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы билдиргендей, мыйзамсыз балык уулоо фактыларын алдын алуу, браконьерликке каршы күрөшүү жана сууну тазалоо иштери мындан ары да пландуу түрдө улантылат. Экологиялык инспекция жарандарды жаратылышка аяр мамиле жасоого жана тыюу салынган куралдарды колдонбоого чакырат.
Даярдаган: Азема Сабырбекова