Токтогул районунун аймагындагы унаа жолдорун оңдоп-түзөө жана асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери жүрүп жатат. 29-апрель күнү «Кыргыз автожол» мамлекеттик ишканасынын «Түштүк» филиалынын директорунун биринчи орун басары Тамерлан Осмонов аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Токтогул — Беш-Таш жолу, учурда бул багыттагы жолдун тилкесинде асфальт төшөөгө чейинки жер иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгында подряддык компанияга иштин темпин жогорулатуу, даярдыктарды өз мөөнөтүндө бүтүрүү жана асфальт басууну убагында баштоо тапшырмасы берилди.

Торкен — Толук — Сары-Камыш жолундагы иштерин көрүп, Тамерлан Осмонов аталган жолдун 18-22-чакырым аралыгындагы оңдоо иштерин да карап чыкты. Бул тилкеде да асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Жалпы узундугу 155 чакырымды түзгөн бул стратегиялык жолду оңдоо иштерин «Кыргыз автожол — Түштүк» ишканасына караштуу №23 Жол тейлөө мекемеси (ДЕУ-23) аткарууда.
Бул жолдордун оңдолушу район тургундары жана айдоочулар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймактын инфратүзүмүн жакшыртууга чоң салым кошмокчу.
Даярдаган: Азема Сабырбекова