Төлөк айылындагы дыйкандарды колдоого багытталган иш-чаранын алкагында күйүүчү май менен камсыздоо уюштурулуп, жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө шарт түзүлдү.
Кочкор районундагы Төлөк айылында жазгы талаа иштерине даярдык көрүү максатында дыйкандарга колдоо көрсөтүү иш-чарасы өткөрүлдү. Райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган жеңилдетилген баадагы күйүүчү майды бөлүштүрүү демилгеси алкагында 1 литри 74 сомдон болгон 3 тонна солярка Төлөк айылынын тургундарына алынып келинди.

Аталган жардамдан пайдалануу үчүн жалпысынан 33 жаран каттоодон өтүп, дыйканчылык иштерин өз убагында жүргүзүүгө шарт түзүлдү. Күйүүчү майды жеткирүү ишин уюштурууда Төлөк айылынын айыл башчысы демилге көтөрүп, Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төлөк айылына солярканы өз убагында жеткирүү камсыздалды.

Бул иш-чара аймактагы дыйкандар үчүн чоң колдоо болуп, жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. Айыл чарба тармагындагы мындай көмөктөр дыйкандардын чыгымын азайтып, тоютту жогорулатууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Даярдаган: Мирайым Конокбаева