Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Төлөк айылы

Төлөк айылында көчөлөр жарыктандырылды

Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы негизги көчө деп саналган Исмаил уулу Акмат көчөсү толугу менен жарыктандырылды. Көчөгө коюлган жарыктардын саны 26 даана. Ал жалпысынан 1500 м жерге коюлду. Бул долбоор …

Кочкор району: Төлөк айылына айлана-чөйрөгө кам көрүү боюнча баннерлер илинди

Кочкор районуна караштуу Төлөк айылына чоң жолдун боюна айлана-чөйрөгө туура кам көрүү багытындагы баннерлер орнотулду. Баннерлерди орнотуу иши жергиликтүү айыл өкмөтү тарабынан каржыланды.

Төлөк айылында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында 60ка чукул үй-бүлө социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлө деп каттоодо турушат. Аларга айрым убактарда мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп турат. Кышка карата таратылган көмүр ошол …

Кочкор районундагы Соң-Көл мектебинин чатыры толугу менен жаңыланды

Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы  Сон-Көл жалпы орто билим берүү мектебинин чатыры толугу менен алмаштырылды. Бул демилге Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылды. 

Төлөк айылындагы жайыттарды калыбына келтирүү максатында урук себилди

Төлөк айылынын чабандары жайкысын Кашка-Суу жана Соң-Көл жайлоолоруна жайлап келишет. Акыркы жылдары малдын саны көбөйгөндүктөн жайыттар такырланып бара жатат. Андыктан жайыттарды калыбына келтирүү максатында жайлоолорго көп жылдык урук себилди.

Кочкор районунун акими эми Төлөк айылынын эли менен жолукту

2022-жылдын 15-январында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Курбанбек Камчыев Төлөк айылына келип, элдин көйгөйүн угуу менен катар, 2022-жылы аткарыла турган иштер менен тааныштырып кетти.

Дарыгер: «Кем-карчыбызды айыл өкмөтү менен биргеликте чечебиз»

Төлөк айылынын башкы дарыгери өлкөдө айтылып жаткан Ковид-19 илдетинин 4-толкуну болуп калса, ага даярдыктар көрүлүп жатканын маалымдады.

Сүрөт: Пандемияда айылдык спортчулар мыкты мелдештерди уюштуруп турушту

Төлөк айылында спортко кызыккан жаштар көп. Алардын көпчүлүгү көк бөрү, футбол, ордо оюндарын ойношот. Көк бөрү боюнча айылдын курама командасы облустук турларда жеңүүчү болуп келишкен.  Аны менен катар ордо оюну …

Соң-Көлдүн ардактуу мугалимдери

«Төлөк» айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде кызмат өтөп кеткен эжей-агайлар бар. Ал мугалимдер азыр эс алууда болсо дагы мектептин ардак тактасына жазылуу. Макалабызда ардактуу мугалимдер тууралуу айтып беребиз.

Төлөк айылында кышка даярдык эрте көрүлүп жатат

Кочкор районунун Төлөк айылы райондон алыс жайгашкан, климаты катаал болуп саналган айылдардын бири. Кышкысын кар жатпаса да бул айылда кыш катуу кармайт. Ошондуктан айыл эли кыштын камын эрте көрүшөт.

Медиа сабаттуулук семинарынын шайлоого тийгизген таасири

Апрель айында Кочкор районунун Төлөк айылында медиа сабаттуулукка арналган семинар болуп өткөн. Жергиликтүү элге арналган семинар жакшы натыйжасын берүүдө. Мындай пикирди Төлөк айылындагы №4145 шайлоо округунун төрайымы жана семинардын катышуучулары …

Сурамжылоо: «Карантинде карылардын абалы кандай?»

Улгайган адамдардын аны барган сайын азайып бара жатат, анткен менен алардын арасында 100гө жакындап калгандары да бар.

Айыл тургундары азык-түлүк менен камсыз болушат

Төлөк айылында жакырчылыктан чыгуу үчүн атайын долбоор алынып келинди, буга 62 адам тартылды.

Быйылкы 20 жылдыктардын мечитке көрсөткөн жардамы

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы 20 жылдыктар мечитке килем, жайнамаз, тесме буюмдарын ыйгарышты.

Төлөк айылы менен таанышып алыңыз

Биздин айыл-Төлөк айылы Кочкор районунан 50км алыстыкта турат. Айыл тургундары мал чарбачылыгы менен алек кылышат.

Төлөк айылынын тургундары жайлоого көчүүнүн камын көрүшүүдө

2021-жылдын 1-июнунан баштап 5-июнуна чейин жергиликтүү тургундар жайлоого көчүп кетүүлөрү керек. Бул токтомдун графиги 9-майда өткөн жергиликтүү тургундардын чогулушунда бекитилди.

«Соң-Көл» орто мектебинде «Окуу керемет» долбоору старт алды

Кочкор районун Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде USAID программасынын негизинде  уюштурулган «Окуу керемет» долбоору 1-4-класстардын арасында өткөрүлө баштады. Бул долбоор окуучуларды китеп окууга шыктандырып жатса, мугалимдер жаңы стратегиялар менен иштөөгө …

Инспектор: Мектепте одоно тартип бузган балдар жок

“Соӊ-Көл” орто мектебинде кылмыштуулуктун алдын алуу жана зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча эркек балдар арасында чогулуш өткөрүлдү.

Фейк маалыматтын элге тийгизген таасири

Кочкор районунун Төлөк айылында медиа сабаттуулукка арналган иш-чара өттү. Ага айыл тургундары катышып, фейк маалыматтар, алардын элдин жашоосуна тийгизген таасири туурасында маалыматка ээ болду.

Ноорузда Төлөк айылында улуттук оюндар ойнолду

Нооруз майрамына карата Төлөк айылында чакан иш чара уюштурулду. Иш- чарада улуттук оюндар ойнотулуп, аныкталды.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...