«Төлөк» айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде кызмат өтөп кеткен эжей-агайлар бар. Ал мугалимдер азыр эс алууда болсо дагы мектептин ардак тактасына жазылуу. Макалабызда ардактуу мугалимдер тууралуу айтып беребиз.
Алардын бири Шакин Басланкулова төмөндөгүдөй оюн айтып өттү: «Мен мектепте 31 жыл иштедим. Биз союз мезгилинде иштегендиктен текшерүү көп жүрүп турчу. Үйгө да мектепке да көүңүл бөлүү мен үчүн жеңил деп айта албайм анткени үйдө балдарым бар эле. Кээде жумушта түнкү саат он экиге чейин иштегенге туура келчу. Азыркы окуучуларга кенеш берерим, китепти көп окуп чет тилин үйрөнгөнгө аракет кылышсын».
Шакин Басланкулова
Дүйшөнбек Калыков окуучуларга туура кесипти тандоого үндөйт: «1972-жылы инстутутка өттүм. Прыжванский математика факультетине тапшырдым. 1976-жылы 15-июлда «Соң-Көл»орто мектебинде иштеп баштадым. 1975-жылы практикада болдум. Биринчи сабагым квадраттык теңдемелерди чыгаруу эле. Мугалим менен окуучунун арасында тыгыз байланыш болуш керек. Мугалим болгон методикасын окуучуга уйрөтүш шарт.»
Дүйшөнбек Калыков
Айсалкын Жунушалиева балдардын китеп окуусун талап кылат: «Мен«Соң-Көл»орто мектебинде 30 жыл эмгектендим контракт менен биригип баш аягы 32 жыл иштедим. Чынында балдарга да мектепке да көңүл буруу оор болду, бирок ага карабастан жакшы кызмат өтөдүм деп ойлойм. Ал убакта баары китеп окуп изденчүбүз, себеби, азыркыдай интернет жок болчу эми азыр заман өзгөрдү интернет бар. Мен окуучуларга айтарым китеп окуп интернетти аз колдонгула. Мен ушул тапта неберелеримдин билими төмөндөп бара жатканына аябай кабатырмын, мен неберелеримдин татыктуу билим алыштарын каалайм».
Айсалкын Жунушалиева
Медина Максат кызы, Наима Абдиева