Акыл калчап иш кылып, ар бир окуучу менен тил табышып, изденип, жаңыланып, сапаттуу билим берүү менен бирге билим дүйнөсүнө сүңгүп кирип ардактуу кесипти, аркалап келе жаткан бул – мугалим.
Өз билимин окуучуларына гана эмес энелерге, шакирттерине берип, талыкпай эмгектенип келе жаткан Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл – Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин мугалими Динара Сарбашова жөнүндө сөз болмокчу.
Динара Сарбашова 1987 – жылы Кыз келиндер институтунун чет тилдер факультетин аяктап, аталган мектепке чет тил мугалими болуп эмгек жолун баштаган. Ушул эле мектепте 10 жылдан ашуун мектепте тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенүү менен бирге мектептер аралык, райондук иш — чараларга окуучуларды даярдап, ар кыл таланттарын ачып, байгелүү орундарды ээлеп келишкен.
Кызыл – Туу айылынын жергиликтүү кеңеши өткөргөн «Мыкты мугалим» сынагынын жеңүүчүсү аталып, билим берүүдөгү эмгеги бааланып, Сокулук районунун Билим берүү бөлүмүнүн, Кызыл – Туу айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен бир нече ирэт, Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы , “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.
Учурда Динара Сарбашова Саадаш Абдылдаева орто мектебинде орус класстарга кыргыз тилинен сабак берүү менен бирге «Энелер мектебинин» негиздөөчүсү, новатор мугалим, Улуттук Илимдер Академиясынын тарых институтунун изилдөөчүсү.
Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 – эксперименталдык гимназиянын директору, жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектебин» өз мектебинде уюштуруп, энелерди окутуп, Сокулук району, Чүй облусу боюнча координаторлук кызматын аркалап келүүдө.
Динара Сарбашова:
«Окуучулар татыктуу билим алып, мыкты деңгээлде болуусу окуучулардын энелерин окутуу керек. Эне мектеби программасы ар бир мектепте окутулса жакшы болмок, ата – энелер өз жоопкерчилигин билишип, сезишип, баланын тарбиясына, билим сапатына кызыгышып, балдардын келечеги түзүлмөк. Мына ушундай мүмкүнчүлүктү жер жерлерде түзүп, бир гана окуучуну эмес, энелерди окутуу менен бирге окуучулардын билим деңгээлин жогорулатып, олимпиадаларга жеңүүчүлөрдү көбөйтүп, бюджеттик негизде окуучуларды окутууга жана Акыл Эмгек Маданиятын (АЭМди) үйрөтүүдө, азыркынын Дүйшөнү Гапыр Мадаминовдун эмгеги зор. Агай өз калемине таандык китептерди кымбат эмес, туруктуу баада сатып, мындан 12 жыл мурун ачылган «Келечек» кайрымдуулук фондуна которуп келет.
«Келечек» кайрымдуулук фонду аталган гимназияны бутүрүп, Бишкекке, Ош, Томск, Америка, Москва шаарларында окуп жаткан окуучу, студенттердин жол киреси, жатаканасы, тамак ашына сарпталып келет.
Аталган гимназиянын бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТ дан өткөндө эң жогорку баллды 205 тен жогору, эң азы 170 балл алышса, Республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеп, жогорку жана чет өлкөлүк окуу жайларга бюджеттик негизде өтүп, билим алып келишет. Мына ушундай агайдын эмгегин, коллективинин жана окуучуларынын жетишкендиктерин көрүп, агайдын методикасын, Чүй облусу боюнча жайылтуу максатында былтыр вотсап группаларын түзүп, онлайн семинар, конференцияларды өткөрүп, учурда офлайн өткөрүп келе жатабыз. Келечек жаштардын колунда эмеспи, жаштардын билимине агайдын усулдарын жайылтсак, мамлекетибиз сөзсүз өнүгөт деген үмүттөмүн.
Жеке эле окуучуларды окутууда гана эмес, мугалимдер сабак өтүүдөгү усулдарды колдонуусуна жол көрсөтүп берүүсү, «Устаттык өнөр» китебинде кеңири баяндалган. Текшерүүчү келет деп көргөзмөлүү сабактын текшерүүчү үчүн же мектептин администрациясы үчүн өтпөстөн, ар бир сабакка даяр жана татыктуу өтүү боюнча баяндалат. Агайдын усулдарын үйрөнгөндөн бери буга чейин тузу жок тамактангандай, сабак өтүп жүргөн экенмин деп кейип кетем, себеби «Мугалим – бүтүндөй бир муунду, келечекти калыпка салган кеменгер»,-деген Гапыр Мадаминовдун учкул сөзү менен өз сөзүн аяктады.
Динара Сарбашова 1965 – жылы Күн – Туу айылында жарык дүйнөгө келип, учурда 3 уул, 3 кызды татыктуу тарбиялап, айылда жана эмгек жамаатында кадыр баркка ээ.
Айдай Джолчубекова