Жаңы окуу жылы мектептеги жакшы өзгөрүүлөр менен башталды. Суусамыр айыл аймагындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебине айыл өкмөт тарабынан көзөмөл жүргүзүү камералары орнотулду. Бул мугалимдер жана окуучулар үчүн күтүүсүз жаңылык болгондугун Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов билдирди.
Мектепке көзөмөл жүргүзүү камералары орнотулду
«Биздин айылдагы мектепке көзөмөл жүргүзүү камераларынын коюлушу жакшы жаңылык болду. Мугалимдердин жана ата-энелердин талабын эске алып, мектепке көзөмөл жүргүзүү камераларын коюп бердик. Жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом каражат бөлүнгөн. Жалпы 13 даана көзөмөл жүргүзүү камералары орнотулду. Айыл өкмөт тарабынан тендер жарыяланган. Анын негизинде жаңы окуу жылынын башталышы менен камералар коюлуп, азыр иштеп жатат», — дейт Сейиткулов.
Мектеп ичиндеги болуп жаткан тартипсиздикти алдын-алуу жолу катары камералардын орнотулуусуна мектептин мугалимдери да ыраазы экендигин билдиришти. Алардын бири башталгыч класстын мугалими Жийде Кулуева.
Башталгыч класстын мугалими Жийде Кулуева
«Камералар коюлуп окуучулар жана мугалимдер үчүн жакшы иш болду. Эми окуучулар мектеп ичинде көзөмөлгө алынып турат. Ар кандай зордук- зомбулук, кылмыштуулукту алдын алуу жана көзөмөл жүргүзүүгө шарттар түзүлдү. Окуучулардын тартип бузуулары көзөмөлдөнүп турат. Ал гана эмес алардын коопсуздугу үчүн дагы жакшы болду».
Мектепке камералардын коюлушу ата-энелер үчүн дагы жакшы жаңылык болду. Айыл тургуну Нурзат Райымбекова мектепте эмне болуп жатканы эми жетекчиликтин көзөмөлүндө болот деген ишенимде.
Айыл тургуну Нурзат Райымбекова
«Менин неберелерим окуйт. Мектепке камералар коюулуп балдардын коопсуздугу үчүн жакшы болду.Кубанып жатабыз.Ээнбаштык тартип маселесине көңүл бурулуп калат деп ойлойм.Эмне болуп жаткандыгын баардыгы мугалимдин мектеп жетекчилигинин көзөмөлүндө болот».
Суусамыр орто мектебинин 8-классынын окуучусу Амантур Мырзабеков окуучулар эми ээнбаштыкка жол бербейт дейт.
Амантур Мырзабеков
«Биздин мектепке камера коюулганы биз үчүн жаңылык болду.Эми мурункудай ээнбаштык кылуудан кооптонуп калдык.Бизди эми директорубуз камерадан көрүп турат.Мындан ары мектептин ичинде тартип бузгандар азаят болуш керек деп ойлойм».
Азиза Тамчиева