Жалал-Абад облусунда жаңгак терүү башталды. Могол айыл аймагындагы жаңгактар эки жылдан бери аз түшүм берип келет. Жаңгактын түшүмү жакшы болгондо кошумча киреше булагы болот дейт жергиликтүү тургундар.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Могол айыл аймагындагы жаңгактар эки жылдан бери аз түшүм берип келет. Ижара акысынан сырткары 200 кг жаңгак тердик, терген жаңгагыбыз күнүмдүк азык-түлүккө сарпталат дейт Ооган-Талаа айылынын тургуну Уулкан Рысбаева.
«Бизде 1 гектарга жакын жаңгак жайытыбыз бар. Жаңгак жакшы болгондо бир жарым тоннадай жыйнап алабыз. Быйыл эрте жазда кар жаап коюп, мөмөсүн суук алып кетти. Ошентсе да болгон жерлерин терүүдөбүз. Биринчи эле алган жаңгагыбызды ушул жерлерге эгип өстүрөбүз. Жаңгак жакшы болгондо көп нерсеге жарайт. Күнүмдүк тамак-ашка, балдардын кийим-кечесине… Алынган түшүмдөн ижара акысын төлөйбүз», — дейт Уулкан Рысбаева.
Ачы токой чарбасынын токойчусу Бактыбек Акимжанов мурунку жылдарга караганда быйыл эл ижара акысын з учурунда төлөп жаткандыгын билдирди. Ижаранын суммасы 1000 сомдон 5000 сомго чейин жайытынын гектарына, чоңдугуна карап төлөнөт.
«Ачы токой чарбасынын жалпы аянты 13750 гектар. Ал эми анын 1042 гектары жаңгак токою. Токойду жергиликтүү калк ижарага алып иштетип жатат. Токтомдун негизинде иш алып барабыз. 2021-жылдын күзгү оруп-жыйноо иштеринде жаңгактан башкасы аяктады. Быйылкы жылы аба-ырайына байланыштуу жаңгак начар болду. Бирок эл аз болсо да жыйнашууда».
Могол айыл аймагынын социалдык адиси Айгүл Пазылова жаңгактын түшүмү жакшы болгондо жергиликтүү элге кошумча киреше болот дейт.
«Эл азыр жаңгак терип жатышат. Бир киллограммы 100 сомдон саткан эл үчүн бул да болсо киреше. Жергиликтүү тургундар жаңгак терип сатып, мектепке кийим кече, күнүмдүк азык-түлүгүн алышат».
Тимурлан Мелисбеков