Балдардын мектепке баргысы келбей ыйлап, каршылык көрсөткөн учурлары кеңири кездешет. Өзгөчө 1-класска жаңы барып жаткан учурда. Психолог Мунара Акылбекова айрым балдар мектепке көнүшө албай жатканда дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, уктап жатканда төшөккө заара ушатып коюшу мумкүн дейт.
психолог Мунара Акылбекова
Психологияда баланын 6-7 жашы кризистик курагы катары саналат. Бул кризис оюн менен байланыштуу. Себеби, бул куракка чейин баланын жашоосундагы эң негизги нерсе оюн болот. Жашынмак, кубалашуу ж.б оюндар аркылуу бала бул дүйнөнү тааныйт. 7 жаштан ары бала оюндан окууга багыт алып, дүйнөнү билим аркылуу таанууга өтөт. Оюнга көнүп калган бала үчүн окуу процессине өтүү оорчулук жаратат. Анын ичиндеги кыйынчылык жүрүм-турумунда пайда болуп, мектепке баргысы келбей, үй тапшырмасын аткарууда каршылык көрсөтөт.
1-класска адаптация процесси абдан жакшы өтүшү керек. Ал көп факторлордон көз каранды. Биринчи кезекте бул ата-энеден. Бул процесс 2-6 ай аралыгында жүрүп, 3 түрдө болот.
1. Эгер баланын мектепке барууга каалоосу жакшы болсо, башы ооруп, чарчабаса, активдүү болсо, мектеби жөнүндө жакшы ой-пикирлерди айтса, түнкүсүн жакшы уктаса – демек бала мектеп процессине оңой көнүп жатат.
2. Экинчи түрдөгү балдар кээде мектепке баргысы келип, кээде баргысы келбейт. Алар мугалим жакшы сөз айтса, мектептен жакшы баа алганда баргысы келет. Ал эми мектепте кандайдыр бир конфликт жаралса такыр эле баргысы келбей, качып калышы мүмкүн.
3. Үчүнчү түрдөгү балдар жанындагы балдарга дагы тынчтык бербеген, өзү дагы мектепти жакшы түшүнбөгөн, баргысы келбей, эртең менен ыйлап туруп, тапшырма аткарууда дагы ыйлап же каршылык көрсөтсө демек мектепке көнүү оор деңгээлде өтүп жатат.
иллюстрация/мектеп
Негизи, адаптациянын жеңил өтүүсүндө ата-эненин ролу маанилүү. Эң негизгиси – убакытты туура пландаштыруу ата-эненин милдети. Анткени, 6-7 жаштагы бала тайм менеджмент тууралуу билбейт. Эртең менен ойгонуу, тамактануу, мектепке баруу, ойноо, үй тапшырмаларын аткаруу ж.б күнүмдүк иштерди пландоону бала менен бирге аткарып, ага бара-бара үйрөтүү керек.
Балага үй тапшырмасын түшүндүрүү анын ар бир сабагын бирге окуу дегенди түшүндүрбөйт. Айрым үй тапшырмаларын өз алдынча аткарууга мүмкүндүк берип, эркин мейкиндикти камсыздоо маанилүү.
Көпчүлүк ата-энелер балдары мектептен келээр замат, “бүгүн эмне болду, канча деген баа алдың?” деген суроолор менен тосуп алат. Тескерисинче, бала 1-класска барып, жаңы коомго көнүшүп жатканда анын көбүрөөк өз алдынча, эркин болуусуна шарт түзүү керек. Күнүмдүк убактысын пландоодо ар бир саатын пландап, балага оорчулук жаратпоо зарыл.
Үй тапшырмасын мектептен келген соң дароо аткартууга шашылбай, катуу талап койбогону дурус. Анткени, бала бул куракта физиологилык жактан 30-40 мүнөт отуруп, иш жасоого көнгөн эмес. Ал ар нерсени карап, көңүлүнө кызык болгон буюм-тайымдар же сүрөттөргө тартылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, баштапкы учурда тапшырма аткаруу үчүн убакытты кыска мөөнөттүк кылып пландоо жакшы натыйжасын берет. “10 мүнөт тапшырма аткаралы, андан кийин ойноп келесиң” — деген өңүттө бала менен диалог кылып, түшүндүрүү керек.
Кылгым келбей жатат, башым ооруп жатат, чарчап кеттим ж.б сөздөр көп нерсени түшүндүрөт. Бала аны калп эле айтпай, сөздүн түпкүрүндө көнүшө албай чарчап, башы ооруп жатышы мүмкүн. Адаптация процесси оор өтүп жатса, бала оорушу мүмкүн. Бул учурда баланын тамагы, башы ооруп, дене-табы көтөрүлүп же уктап жатып төшөккө сийип коюшу мүмкүн. Бул нерселердин бардыгы адаптациянын татаал өтүп жатканынын белгиси боло алат. Ата-эне бул учурда психологго алып барып же өз алдынча изденүү менен жардам берүү жолдорун караштырышы керек.
1-класстагы баланын билим алуусунда баага басым жасабай, биринчи кезекте жакындары моралдык жана эмоционладык жактан абдан жакшы колдоо көрсөтүшү абзел. “Азаматсың”, “акылдуу окуучусуң” өңдүү позитивдүү сөздөр баланын адаптация болуусуна жардамчы болот.
Касиет Кубанычбек кызы
Окуучулар чет өлкөлүк ыктыярчылардан тил үйрөнүүгө кызыгат
Баланы жаңы окуу жылына кантип даярдоо керек? Кийим жана окуу куралдарынан тышкары…