Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Соң-Көл айыл аймагында таштанды жыйноо жана чыгаруу иши элдик чечимдин негизинде бир нече убакыт мурда киргизилген. Алгач бул тартипке эл толук көнө албай жаткан болсо, учурда тургундар жаңы системага көнүп, аны колдоп калышты
Төлөк айылында таштанды жыйноо иши жума сайын уюштурулуп, дем алыш күндөрү ар бир үйдүн эшигинин алдынан алып кетилүүдө. Бул кызмат үчүн ар бир үй-бүлө айына 50 сомдон төлөйт. Баштапкы учурда айрым тургундар үчүн бул тартип жаңы болуп, түшүнбөстүктөр жаралган.
Бирок убакыттын өтүшү менен таштандыны белгиленген күндөрү чыгарып коюу, төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү адатка айланды. Натыйжада айыл ичинде таштандынын чачылып кетиши азайып, көчөлөрдүн тазалыгы жогорку деңгээлде жакшырды.

Жыйналган таштандылар айылдын чет жагында жайгашкан атайын таштанды чогултуучу жайга жеткирилип, ошол жерде топтолуп, белгиленген тартипте жок кылынат. Бул экологиялык талаптарга ылайык жүргүзүлүп жатат. Айылда таштанды жыйноо системасынын ишке кириши элдин жоопкерчилигин жогорулатып, тазалыкка болгон мамилесин өзгөрттү. Учурда бул тартип айыл тургундары үчүн көнүмүш ишке айланып, таза жана көрктүү айылды түзүүгө салым кошууда.

Бурул Майрамбек кызы