Фестивалдын максаты: Бий өнөрүн аркалаган жаштарды колдоо, эл аралык деңгээлге чыгаруу, маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу жана улутубуздун баалуулуктарын жайылтуу.
Фестивалга: Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төлөк айылынын окуучулары катыша алат.

Сүрөт жасалма интеллект менен жасалган
Конкурска 14-15-16-17 жаштагы кыздар жана балдар катыша алат. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар каралган:
I – орунга 5000с
II – орунга 4000с
III – орунга 3000с
Калган катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат. Кароо сынак 26-сентябрдан кийин өткөрүлөт. Так датасы алдын ала айтылат.
Кароо сынактын жүрүшүн атайын уюштуруу комитети Кең-Суу айылдык клубунун маданий кызматкерлери өткөрөт.
Даярдаган: Мирайым Конокбаева, Мадина Жумакадырова