Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө жарандык иденттүүлүк, биримдик жана социалдык туруктуулук темалары өзгөчө мааниге ээ болууда. Кыргызстанда бул маселелерди системдүү талкуулап, чечүүнүн жолдорун издөө максатында Бишкек шаарында теке айынын 24 дө “Социалдык биримдик жана жарандык иденттүүлүк” темасында республикалык деңгээлдеги форум болуп өттү. Форумдун уюштуруучулары — БУУнун Тынчтык орнотуу фонду, БУУӨП жана ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы кеңселери.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын, коомдук консультативдик кеңештердин, медианын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Форумдун негизги максаты — “Кыргыз жараны” концепциясын илгерилетүү аркылуу жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу, жарандар ортосунда ишенимди, коомдук диалогду жана улуттук биримдикти чыңдоо. Катышуучулар коомдогу чыр-чатактардын алдын алуу, диний сабаттуулук, укуктук механизмдер, маданияттар аралык диалог жана медианын ролу тууралуу пикир алмашышты.

Искендер Эшимбеков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин этностор аралык мамилелер башкармалыгынын башчысы
Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн Искендер Эшимбеков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин этностор аралык мамилелер башкармалыгынын башчысы, жарандык иденттүүлүктүн стратегиялык маанисине токтолду:
“Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусу — бул жөн гана укуктук макам эмес, бул жалпы мекенибизге карата жоопкерчилик, тилектештик жана өз ара урмат-сыйдын негизи. Ар түрдүүлүк менен биримдикти айкалыштыруу — туруктуулукка карай жолубуз”, — деди ал өз сөзүндө.
Форумдун жүрүшүндө бир катар маанилүү баяндамалар жасалды. Эксперт Санжарбек Тажиматов “Кыргызстандагы туруктуулук жана өнүгүүнүн фактору катары коомдук биримдик” темасында сөз сүйлөп, жарандык иденттүүлүк менен улуттук саясаттын байланышы боюнча маалымат берди. Ал эми юрист Асылбек Кочкоров чыр-чатактарды жергиликтүү деңгээлде чечүүдөгү укуктук механизмдерди тааныштырып, мыйзамдык негиздерге көңүл бурду.
Коомдук диалогдогу жарандык коомдун ордуна токтолгон Борбор Азиядагы Евразия фондунун эксперти Анара Надирбекова төмөндөгүлөрдү белгиледи:
“Социалдык биримдик – бул жарандардын бири-бирине ишенгендигинен башталат. Бул ишенимди жарандык коом түзөт. Биз мамлекет менен коом ортосунда көпүрө болушубуз керек”, — деп айтты ал.
Форумда медиа, социалдык театр, искусство жана жаштардын активдүүлүгү да өзүнчө секцияларда талкууланды. Жаштардын салымы тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Карагылов Батыр-Мухаммад Азаматович сөз сүйлөдү.
Форумдун жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынды. Анда төмөнкү негизги сунуштар камтылды:
Форум коомдогу ар түрдүүлүктү жана биримдикти айкалыштырып, чогуу жашоонун маданиятын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү. Мамлекеттик органдар, жарандык коом жана жарандар коомдук биримдикти жана жарандык иденттүүлүктү чыңдоо үчүн татаал, бирок зарыл жолду бирге басууга даяр экенин билдиришти.