Ич өткөк — күнүмдүк турмушта көп кездешүүчү абал. Көпчүлүк учурда аны жеңил-желпи көрүнүш катары кабыл алып, ооруканага кайрылбай эле өз алдынча дары колдонуп коюшат. Бирок чындыгында ич өткөк бул жөнөкөй эле симптом эмес, айрым учурларда ал олуттуу оорулардын белгиси болуп, туура кам көрүлбөсө, айрыкча жаш балдар жана кары-картаңдар үчүн өмүргө коркунуч жаратат.

Медициналык түшүнүк боюнча, ич өткөк бул заңдын суюк формада, күнүнө үч же андан көп жолу чыгышы. Бул абал организмдин суу жана туз жоготушуна себеп болуп, башка оорулардын фонунда да пайда болушу мүмкүн. Кээде өз алдынча да жаралат.Дарыгерлердин айтымында, ич өткөктүн негизги себептерине вирустук жана бактериялык инфекциялар, тамак-аштан уулануу, ичеги-карындын өнөкөт оорулары, организмде фермент жетишсиздиги, ошондой эле катуу коркуу же эмоциялык стресс кирет.
Ич өткөккө мүнөздүү белгилерге суюк жана бат-бат заңдоо, ичтин карышып оорушу, жүрөк айлануу, кусуу, алсыздык жана баш айлануу кирет. Мындай учурда суюктукту 5–10 мүнөт сайын ичүү сунушталат. Жеңил тамактар, мисалы, күрүч, банан, картошка пайдалуу. Ал эми майлуу, таттуу жана сүт азыктарын убактылуу чектөө керек. Эне сүтү менен азыктанган балдарга болсо эмизүүнү улантуу сунушталат. Эң негизгиси антибиотиктерди же башка дарыларды өз алдынча колдонбоо керек, анткени бул оорунун чыныгы себебин жашырып, дарылоону татаалдаштырып коюшу мүмкүн.

Эгер заӊда кан же былжыр байкалса, ич өткөк 2–3 күндөн ашыкка созулса, адамда катуу суусуздануу, жогорку температура болсо же бала көп кусуп, уйкуга берилсе, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу зарыл.
Ич өткөктөн сактануунун эң негизги жолдору- колду таза жууп туруу, таза жана кайнатылган суу колдонуу, азыктарды жакшы бышырып жеген сунушталат ошондой эле сактоо мөөнөтү өткөн же бузулган тамактардан оолак болуу зарыл.
Жыйынтыктап айтканда, ич өткөк сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен кооптуу абал. Айрыкча ымыркайлар менен кары-картаңдар үчүн ал өтө оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошондуктан мындай учурлар болгондо өз убагында туура кам көрүп, дарыгерге кайрылуу оорунун алдын алуунун эң мыкты жолу.
Айпери Марлесова