Сокулук районунда Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) 200дөн жогору балл алган 16 мектептин бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземине Сокулук райондук мамлекеттик
администрациясынын башчысы – аким Илияз Ташкулов, Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкан Кенжебаев,
Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева,
мектеп директорлору жана ата-энелер катышышты.
Аким Илияз Ташкулов өз сөзүндө: ,,Силердин жетишкен ийгилигиңер –ата-энелериңердин, мектепте билим берген мугалимдериңердин жана албетте өз эмгегиңердин жемиши. Алдыда дагы чоң максаттар турат. Кыргызстан силердей билимдүү, жоопкерчиликтүү жаштарга муктаж. Ар дайым алдыга умтулгула!”-деп белгилеп, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.
Ар жылы Сокулук районунда бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтерин,
жетишкендиктерин баалап, дем берүү менен биргеликте бүтүрүүчүлөрдүата-энелери менен куттуктап, белектерди тапшырышып, сыйлоо аземи өткөрүлүп келет. Бул да болсо, эң жакшы жөрөлгө жана ар бир куучунун жакшы окуп, ийгиликтерди багындыруусуна дем берет.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова