Терек-Суу айылында тазалыкты сактоо жана көчөлөрдү иретке келтирүү иштери жигердүү жүрүп жатат. Бул демилгени айыл башчысы Рустам көтөрүп чыгып, ар бир тургунду өз айланасын таза кармап, Мекенге болгон мамилесин иш жүзүндө көрсөтүүгө чакырды.


«Патриот болуу — бул чоң сөздөр менен гана эмес, кичинекей, бирок маанилүү иштер менен башталат. Таза көчө, иреттүү айлана — мекенибизге болгон сүйүүнүн көрүнүшү,» — деди Рустам Алманбетов. Айыл тургундары бул чакырыкты колдоп, өз көчөлөрүндө чөп оруп, таштанды тазалап, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерин башташты. Мындай биримдик жана аракет жаратылышты аяр мамиле кылууга, жашоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө болууда.


Аймактагы жашоочуларга үлгү болуу максатында айыл өкмөтүнүн кызматкерлери парктагы чөптөрдү оруп, таштандыларды чыгарышты. Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук жайлар иретке келтирилип, айлана-чөйрө тазаланды. Айыл өкмөтүнүн катчысы Жылдыз Эсенбекова айыл тургундарын да бул демилгеге кошулуп, көчөлөрүн жана үй айланаларын тазалоого чакырды. Анын айтымында, таза айыл – жашоочулардын ынтымагы менен түзүлөт. Ишембилик мындан ары да улантылып, башка көчөлөрдө да тазалоо иштери жүргүзүлмөкчү деди ал өз сөзүндө.


Мындай иш-аракеттер айыл тургундарынын ынтымакта жашап, бир максат үчүн чогуу иш алып бара аларын далилдеди. Айыл өкмөт кызматкерлеринин бул демилгеси жаштарга үлгү болуп, мекенди сүйүү – тазалык жана тартип менен башталаарын дагы бир жолу көрсөттү. Терек-Суу айылы — тазалыкка жана тартипке умтулган, келечекке багыт алган айыл.
Даярдаган: Азема Кудуева.