Ысык-Көлдө “GOVORI.TV” мультимедиялык маалымат агенттиги “Кыйын” долбоорунун алкагында түндүк аймактагы лидер айымдар үчүн атайын тренинг өткөрдү. Катышуучулардын арасында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалимдер, жарандык активисттер жана чакан ишкерлик менен алектенген айымдар болду.
Окутуунун негизги максаты — аялдардын саясий жана лидерлик мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, коомдогу ордун бекемдөө. Тренингден соң айымдар “Кыйын” ток-шоосуна катышып, элет жериндеги турмуштук маселелерди талкуулашты.
Бул жолку талкуу “Элеттеги материалдык туруктуулуктун кепилдиги — күнөскана” темасына арналды.
Катышуучулар:
Рыскул Урумканова — №2 Кесиптик лицейдин күнөскана багыты боюнча устаты;
Чолпон Тыныбекова — Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы А.С.Пушкин орто мектебинин мугалими;
Айжан Мамыралиева — Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка айылындагы Муса Жусупов атындагы орто мектептин мугалими.
Талкууда сөз алган Рыскул Урумканова күнөскана иштетүү анын бала чагынан берки кыялы болгонун айтып өттү. Бүгүнкү күндө ал көптөгөн жаштарга, жумушсуз жарандарга бул тармакта билим берип, өз алдынча ишкер болуусуна жол ачууда.
“Азыр окуучуларымдын айрымдары клубника өстүрүп, көчөт чыгарып, базарга алып барып сатып жатышат. Кичине парник уюштуруп, помидордун көчөтүн эле өстүрүп сатса да, киреше табууга болот. Өз үйүңө да пайдалуу”, — дейт ал.
Анын бул пикирин Чолпон Тыныбекова да колдоду. Мугалимдик иши менен катар үйүндө чакан күнөскана уюштуруп, гүл өстүрүп, сатуу менен кошумча каражат табат.
“Мурда айылдагы чоң күнөскана иштебей калган. Бирок ар бир үй-бүлө өзүнүн короосунда кичинекей парник кылып алса болот. Өзүм азыр гүл, андан кийин помидор, калемпир, редиска өстүрүп сатып, үй-бүлөлүк кирешеге салым кошуп жатам”, — деди ал.
Ал эми Айжан Мамыралиева айыл жергесинде күнөсканалар аркылуу окуучуларга эмгек сабагын өткөрүп, практикалык агрардык билим берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
“Бизде күнөскана мурда иштеп турган, бирок азыр токтоп калды. Ал жерде салат үчүн жашылчалар өстүрүлүп, мектептеги ысык тамакка салым кошчу. Эң негизгиси — бул агрономдорду даярдоонун башаты болчу. Азыр балдарыбыз чет өлкөгө кетип жатышат, ошол жумушту өзүбүздө эле уюштурсак болот эле. Айыл өкмөттөрүнө жана ар кайсы фонддорго кайрылып жатабыз, бул ишти кайра жандандыруу үчүн”, — деди ал.
Бул талкуу айылдык аялдардын демилгелери, практикалык билими жана жергиликтүү ресурстарды пайдаланып, коомго салым кошуудагы аракеттеринин жандуу мисалы болду.
Толук подкастты бул жерден көрсөңүз болот: