Жайында жашылча, жемиштердин көбөйүшү, күндүн ысышы менен кичинекей балдар арасында ич өткөк оорулары күчөйт.
Бул суроого мээрман Нургуль Орозбаева жооп берди. Анын айтымында балдар көп учурда дарбыз, коон, малина, алма, өрүктөрдү жеп жабыркашат.
“Оруулардын эң башкы себеби бул – өздүк гигиенаны сактабагандыкта. Балдар колдорун жемиштерди жууп жебейт. Эшикте өсүп турган жемиштерди үзүп эле жей беришет. Натыйжасында балдар эхинококкоза аскаридоз, альвеококкоза, боор курттары ооруларына чалдыгат. Колду, жемиштерди жууп жесе, мындай оорулардан алыс болот”,- дейт медайым.
⠀
“Андан тышкары аллергия дагы күчөйт. Ал жай убагында талаадан, чаңдан, чөптөрдүн жытынан: эрмен, чалкан, ромашка, гүлдөрүнөн, чөп дарылардан, кычкыл жемиштерден аллергиялар көп болот.
⠀
Ал учурда чаңга чыкпоого, кызыл жер-жемиштерди (малина, кулпунай) жумуртка жегенге болбойт. Эгерде бул нерселерди сактабаса аллергияны андан ары дагы күчөтүп алышы мүмкүн. Бул ооруулардын алдын алуу үчүн эң биринчиден тазалыкты, өздүк гигиенаны ар бир адам сактоосу керек”, – деп жыйынтыктады башкы мээрман.