Айылда суу түтүгүндө суу болбой калганда токтояндыктар сууну булактан алышат. Бирок акыркы кезде ал жерден суу алгандан чоочулап калышты.
Токтоян айылынын тургуну Асель Абдиева булактын айланасы акыр-чикирге толуп кеткен, бул көрүнүшкө нааразы экенин айтты.
“Акыр-чикирлерди көптөрү ташташат. Ошол булактан кайра эле суу ичишет. Ал ар кандай оорууларды алып келет, акыр-чикирлерди өрттөп салса же тазаласа жакшы болот деген ойдомун”, — дейт Абдиева.
Айылдын фельдшери Лена Орозбакова булактын жанындагы акыр-чикирлерден адамдар зыян тартышы мүмкүн дейт.
”Кир суулар аркылуу элге ар кандай ооруулар таркайт. Мисалы: ич өткөк, ич ооруу сыяктуу оорууларга алып келет”, — дейт Лена Орозбакова.
Кейиткени акыр-чикирлерди таштаганга атайын жер бөлүнгөн болчу. “Айылдын ортоңку жана жогорку бөлүгүнө таштанды таштаганга берилген”, — деп билдирет Токтоян айылынын башчысы Атабек Албанов.
«Акыр-чикирлер ар кайсы жерге таштагандарга үч миң сом айым пул салынат» — дейт ал.
Бирок адамдар өзү жашаган жерин таза болуусуна кам көрбөсө, кандай гана айып пул болбосун, абал жакшы жакка өзгөрбөс.
Автору: Айганыш Адылбек кызы,
Темирболот Оңолбеков