Токтоян айылы негизинен малчылык менен белгилүү. Бирок жакындан бери балык өстүрүүгө көңүл бура башташты.
Токтоян айылынын тургуну Таалай Алмабеков мурун токойго атайын балыкка ылайыкталган чакан көлмө жасаган.
«Максатыбыз — жашоо-тиричилигибизге керектөө, азыр баардык эле балыктар жоголуп бара жатат, мисалы Түптө деле балык жок. Ал эми өстүрүлгөн балыктарды келечекте сатабыз, буюрса өсүп кетсе»,-дейт ал.
Таалай Алмабеков балык менен алектенээрдин алдында адистер менен кеңешип көргөн.
«Балыктарга кам көргөндө, чөп-чар, жем, арпанын концентратын жана камыштан, прейден чөп оруп салам, а өзүнүн жемин алып келип бергенге каражат жетишпейт»,- дейт Таалай Алмабеков.
«Карп, сазан, белый амур, асман деген балыктарды былтыр жазында Бишкектен алып келгем», — деди Таалай Алмабеков.
Токтояндын дагы бир тургуну жаңыдан балык өстүүрүнү максат кылып, токойго көлмө жасап жатат. Таалай Алмабеков атаандашынан чочулабасын билдирди.
«Ал эми атаандаштыкка көз карашым түз, балык өстүрүүчүлөр көбөйсө жакшы болот, жардамдашып да турам»,-дейт ал.
Авторлору: Адина Осмонова, Рита Кенешова.