Куланак айылында 2014-жылдын 11-кыласынын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тесттин жыйынтыгын күтүп жаткандыгын айтышты. Алар бир чети мектепти аяктап жатканына кубанса, дагы бир чети мектептен кеткиси келбей жаткандыгын айтышат.
Бүтүрүүчү Айжамал Осмонкул кызы мындан ары окуусун улантып жогорку окуу жайына тапшырайын деген максаты бар. Азыр республикалык сынактын жообун күтүп жаткандыгын, баары ошондон көз каранды экендигине токтолду.
“Азырынча кайсы кесипти тандашымды билбейм. Инфак окуу жайына барсам деген ниетим бар. Ошол жактан байкаштырам. Башында мен башка жакты тандагам. Мугалимдик кесипти. Эми болсо тааныштарым, досторум айтканынан ушул жерге барайын деп жатам. Буга ата-энем каршы эмес”-дейт Айжамал.
Аралбаев атындагы орто мектебин быйыл бүтүрүп жаткан Ырыскелди Абдыраимов келечекте ырчы болгусу келет. Анын мындай таланты жаш кезинен эле башталган. Ал кыялын орундатыш үчүн борбордогу музыкалык консерваторияга окууну пландаштырып жатат.
“Мен келечекте консерваторияга тапшырайын деп жатам. Эстрада жылдызы болуп, эл көзүнө көрүнүп ырдап, элдин көңүлүн ачкым келет. Ырдаганды кичинекей кезимен бери эле жакшы көрөм. Кичинекей кезимен бери эле жаш талантарга катышып, гитара чертип жүрчүмүн. Гитараны 4-классымда эле үйрөнгөм, азыркы убакка чейин чертип келе жатам”,-деп айтып берди Ырыскелди.
Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинин директору Чынара Абдыкадырова быйыл мектепти 25 окуучу бүтүргөндүгүн билдирди.
“Быйыл 11-классты 25 бала, ал эми 9-классты 60 бала аяктап жатат. Азыр мектепте баардыгы 507 бала окуп жатат. Акыркы беш жылда 118 бала аяктады”,-деп айтты Абдыкадырова.
Биздин мектептин бүтүрүүчүлөрү өздөрү каалаган окуу жайында билим алып, келечекте өздөрү сүйгөн кесиптин ээси болшуна тилектешпиз.
[soundcloud id=’153105954′]
Автор: Газель Русланова, Дания Талгатбекова, Эркинай Нарынбекова