Чуй облусу Жайыл районунун Кара-Суу айылында 2013-жылы бала-бакча ачылып ийгиликүү иштеп келатат. Бирок бала-бакчанын оюн аянтчасынын жоктугу элди нааразы кылууда. Сейил учурда балдар талаага чыгып ойношот. Балдар учун оюн аянтчаны жеке демилге менен куруу боюнча ата-энелердин пикирин алдык.
Онолбаева Венера бала-бакчанын дарыгери:
Балдардын оюн аянтчасында ойношун албетте каалайм. Балдардын оюн аянтчада ойноп жүргөнү кандай сонун. Муну өз демилгебиз менен же долбоор жазып куруп алсак жакшы болмок. Эгерде баардыгы топтолуп жасайлы десе, колдон келишинче жардам бермекмин. Ойной турган оюн аянтчалары жакшы болсо балдарга жакшы болот да.
Ашырова Кымбат бала-бакчада орус-тил мугалими:
Ооба бакчада ойной турган жерлер жок. Ойной турган аянтча болсо жакшы болмок. Оюн аянтчасын курууга жардам бермекмин, эгер элдин көпчүлүгү чогулуп жасасак. Жалгыз менин колуман эмне келмек эле. Ата-энелер өз демилгеси менен аянтчаны курууга макул эле. Бирок негедир аны уюштуруучу адам жок болуп иш оңуна келбей жатат.
Авторлору: Сатыбекова Медина, Урманбетова Бакбубу.