Чүй обласында жайыл районунун Кара-Суу айылында суу маселеси өтө курч болуп келет. Жаз келгенден баштап күзгө чейин суу талашуу адатка айланган.
Кара -Суу айылынын тургуну Иличбек Дүйшөбаев байкеге суроо узаттык.
Сиздин талааңызга бара турган арыктар жана каналдар жакшыбы?
-Кайдан жакшы болмок эле союз тарагандан бери ар кайсы жерлери тешик эптеп кол менен жаап, кайрадан эле бузуп кетишет. Суу жетишсиз.
Суу маселеси кандай?
-Суу болсо колдорунан келгенче жардамды берип жатышат бирок биз жакка жетпей калат.
Талаш тартыштар барбы?
-Талаш-тартыштар сөзсүз болот, мисалы кээ бири акча төлөп алса, кээ бири төлөбөй алат.
Жеринизди убагында сугарасызбы?
-Быйыл эптеп сугаралы десек, жетпей жатабыз. Мисалы эл биринчи чабыкты чаап жатса мен бедени жаны сугарып жатам.
Автору: Айбек уулу Бекжан