Июндагы жаан-чачынды Токтояндыктар катуу кубануу менен кабыл алышты. Жазгы айлар кургакчыл болгондуктан айдоо талаалар саргайа баштаган.
Былтыркы жылга караганда быйыл жаан-чачын аз болуп, айдоо жерлери кургап, дан өсүмдүктөрү жабыр тарта баштаган.
«Күн ысык болуп, эгиндердин өсүүсү жай болууда. Негизинен эгиндерди эрте сугарыш керек болчу»,-деди дыйкандардын бири Нурлан Маматкулов
Кургачылыктан Нурлан Асангазиевдин дагы талаалары жабыр тарткан.
«Мен негизинен арпаны коп сепкем. Кургакчылык болгондуктан арпам саргайып кетти», — деди ал.
Айылдагы 1200 га айдоо жердин 910 га кайрак жер. Ал эми кайрак жердин түшүмдүүлүгү жаан-чачынга байланыштуу.
Айыл башчы эгиндери күйүп кеткен дыйкандарга жардам көрсөтүүлөрүн билдирди.
«Күйү кеткен жерлерге айыл өкмөт тарабынан жардам берилет — жеринин налогунан 1 жылга бошотулат», — деди айыл башчы Атабек Албанов.
Автору: Алишер Кудайбергенов, Гулжан Нуркасым кызы.